Трамп Кытай Россиядан да коркунучтуу экенин айтып, себебин түшүндүрдү

© REUTERS / Al Drago Президент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп Америкадагы президенттик шайлоого Кытай дагы кийлигишкен деген божомолун айтты.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп "шайлоого кийлигишүү" жагынан Россиядан да Кытай коркунучтуу экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Первая леди США Мелания Трамп - Sputnik Кыргызстан
Меланья Трамп акырын басса аксак, катуу басса таскак экенин айтты
CBS басылмасынын журналисти интервью учурунда "2016-жылы Россия АКШдагы президенттик шайлоого кийилигишкенби" деген суроону узаткан. Буга Трамп "Ооба, кийлигишкен. Менимче Кытай дагы кийлигишкен. Бул жаатта Кытай кыйла кооптуу" деп жооп берген.

Ал ошондой эле шайлоонун жүрүшү боюнча Россия менен эч кандай сүйлөшүүлөргө барбаганын кайрадан эске салды.

"Мени эмне шайлоодо жардам бергиле деп Россияга чалды деп жатасыңарбы? Койгулачы! Мен суранган күндө да алар жардам бере алмак эмес. Россияга чалды деген сөз күлкүнү келтирет", — деди Трамп.

Американын шайлоосуна Россия катышкан-катышпаганы жана Дональд Трамптын Москва менен байланышы бар деген айың кептин чын-төгүнү көз карандысыз прокурор Роберт Мюллер жана АКШ конгрессинин чалгындоо комитети тарабынан иликтенип жатат.

Ал эми Россия мындай айыптоолорду бир нече ирет четке каккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0