Ханзада Гарри менен Меган Маркл жакында балалуу болот

© AFP / DANIEL LEAL-OLIVASУлуу Британиянын канышасы Елизавета экинчинин небереси канзада Гарри менен жубайы Меган Маркл. Архив
Улуу Британиянын канышасы Елизавета экинчинин небереси канзада Гарри менен жубайы Меган Маркл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар быйыл 19-майда баш кошкон.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын канышасы Елизавета экинчинин небереси канзада Гарри менен жубайы Меган Маркл бала күтүп жатканын Кенсингтон сарайынын Twitter баракчасына жарыяланды.

Британиянын канышасы Елизавета экинчинин небереси Евгения Йоркская 12-октябрда турмушка чыкты - Sputnik Кыргызстан
Елизавета экинчинин небереси официантка турмушка чыкты
Маалыматка ылайык, жубайлар келе жаткан жаз айларында бала жыттап калышат. Учурда алар Австралияда турнеде жүрүшөт.

Буга чейин Ok! Magazine журналы сырткы бетине Меган Марклдын ичи чыгып турган сүрөтүн жарыялап, ал эгиз балдарды күтүп жатканын жазышкан. Бирок бул маалымат расмий түрдө төгүндөлүп же ырасталган эмес.

Эске салсак, канзада Гарри менен Меган Маркл быйыл 19-майда үйлөнүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0