БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Нацисттик Германиянын башчысы, фашизмдин ана башы Адольф Гитлердин гомосексуалдык, гетеросексуалдык өзгөчөлүгү, андан сырткары, садомазохисттик жагы да болгон. Бул туурасында АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) жашыруун делип келген документти ачыктаган докладында айтылат.
Аны 1943-жылы антрополог Генри Филд АКШнын Стратегиялык кызматынын башкармалыгынын буюртмасы менен түзгөн. Доклад Гитлердин өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы жакын досу Эрнст Сежвик Ганфштенглдин байкоолоруна негизделген. Экөөнүн байланышы Эрнст Америкага эмиграцияга кеткенде үзүлгөн.
Докладдан Гитлер өспүрүм балдарды карап, байкап отургандан эстетикалык канааттануу аларын окууга болот. Мындан сырткары, 1910-1913-жылдары сүрөтчү болуп жүргөндө "улгайган эркектер менен жигиттер жолуккан жер" деген атка конгон мейманканада жашаганы да факты катары келтирилген.
"Гитлер көп нерсеге эки башкача караган. Ал бир эле учурда интимдик мамиледе аялдарга да, эркектерге да кызыккан, анан улутчул жана социалист, дагы кызыгы эркек дагы, аял дагы болгон", — деп айтылат документте.
Доклад 70 барактан туруп, анда фашизмдин ана башы болгон бул кишинин сексуалдык багытынан тарта балалыгы, алган билими, кандай тамакты, музыканы сүйгөнү, адаттары тууралуу кеңири баяндалган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Run the Silk road Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону World Athletics (Жеңил атлетика федерациясынын эл аралык ассоциациясы) уюмунун календарлык мелдештерине киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Эми спортчулар аталган марафондон тийиштүү нормативди аткарып Олимпиада оюндарына, Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына лицензияларды ала алышат.
"Мындай жетишкендик өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясы Эл аралык марафон дирекциясы менен биргеликте жасаган жигердүү аракеттеринин натыйжасында ишке ашкан. Эл аралык марафон трассасы сертификациядан өттү. Эми мелдештер Дүйнөлүк жеңил атлетика уюмунун эрежелерине ылайык өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Run the Silk road IX Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону 2021-жылдын 15-майында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
18-январда "Орловка" тоо лыжасы базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат. Анда спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду.
Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты.
Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада квалификациялык мелдешти Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган. Уюштуруу милдетин КРдин Лыжа спорту федерациясы алган.
Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты. Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулуп, натыйжада казакстандык спортчулар алдыга оозуп чыга алды.
Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
18-январда "Орловка" тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду