Диетологдор ден соолукту ала турган эң зыян азыктарды атады

© AFP / JOHN MACDOUGALLДүкөндөгү колбаса. Архив
Дүкөндөгү колбаса. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер өтө арзан сырларды жебеш керектигин эскертет. Анткени ал сүттөн эмес, арзан маргарин майларынан жасалат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери адамдын ден соолугу үчүн зыяндуу болгон арзан азык-түлүктөрдүн тизмесин чыгарды. Бул тууралуу MedDaily басылмасы жазды.

Пивоваренный завод компании САН ИнБев в Ивановской области - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар глобалдык жылуулуктан улам сыра азайышы ыктымалдыгын билдиришти
Окумуштуулардын баамында, арзан колбаса менен сосиска ден соолукка олуттуу коркунуч жаратат. Анткени азыктын баасы канчалык арзан болгон сайын анын курамындагы эттин көлөмү азайып, химиялык кошулмалар көбөйөт.

Ошондой эле бул тизмеге анча кымбат болбогон чала фабрикат азыктары менен консервалар кирген. Адистердин ырасташынча мындай азыктарга фосфаттар менен түрдүү кошулмадан жасалган майлар кошулат.

Адистер өтө арзан сырларды жебеш керектигин эскертет. Анткени ал сүттөн эмес, арзан маргарин майларынан жасалып, жүрөк-кан тамыр ооруларын шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0