Виктория Бэкхем жолдошу Дэвид менен бактылуу өмүр сүрүшүнүн сырын ачты

© AFP / POOL / Ian WestБывший футболист сборной Англии Дэвид Бекхэм и модельер Виктория Бекхэм
Бывший футболист сборной Англии Дэвид Бекхэм и модельер Виктория Бекхэм - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлар 20 жылдан бери чогуу жашап келе жатышат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Модельер жана Spice Girls тобунун мурдагы ырчысы Виктория Бэкхем жолдошу Дэвид Бэкхем менен очок бузбай, көпкө өмүр сүрүшүнүн сырын ачты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Жубайлар 20 жылдан бери чогуу жашап келе жатышат. Виктория алар тууралуу айтылган ушак-айыңдарга маани бербей, кандайдыр бир маселе жаралса дайыма кеңешип чечерин айтты.

"Жолдошум экөөбүз болбогон сөздөргө маани бербейбиз, биз болгону алдыны карай гана жылабыз. Жалгыз жүргөнгө караганда чогуу болгондо күчтүү экенибизди сезебиз", — деди Виктория.

Ошондой эле Дэвид Бэкхем дагы үй-бүлөнү бузбай кармап турууга көп аракет керектигин айткан.

Айрымдар Виктория менен Дэвид Бэкхемдин үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн болушунун башкы себеби бир-бирине болгон сый урмат экенин белгилешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0