АКШда коркунучтуу оору жайыла баштады. Жабыркагандардын көбү балдар

© AFP / SAUL LOEBДоктор, биолог Бенджамин Цзинь
Доктор, биолог Бенджамин Цзинь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
90 пайыз учурда илдетке балдар кабылган. Медиктер оорунун себебин таба албай жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Американын 22 штатында миелит дарты жайыла баштады. Бул тууралуу Science Alert басылмасы жазды.

Көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борбору быйыл 127 учурду каттоого алган. Дарыгерлер бул дартка чалдыккандардын саны акыркы айларда тездик менен өсүп жатканына кабатыр болушууда. 90 пайыз учурда илдетке балдар кабылган. Болгондо да орточо курак төрт жашты түзүүдө.

"Биз миелит жөнүндө көп нерсе билебиз. Бирок тилекке каршы, канчалаган аракеттерге карабай анын келип чыгуу себебин аныктай албай жатабыз. Эл, өзгөчө ата-энелер кабатыр болуп жатканын жакшы түшүнөбүз", — деди Иммунизациялоо улуттук борборунун директору Нэнси Мессонье.

Миелит нерв системаларын өзгөчө жүлүндү жабыркатат. Дарт полиомиелитке окшошуп кетет. Мындай неврологиялык илдетке кабылууга көптөгөн себептер болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0