Нурмагомедовдун атасы Макгрегорду кечирип, Дагестанга чакырды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЧествование Хабиба Нурмагомедова в Махачкале
Чествование Хабиба Нурмагомедова в Махачкале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макгрегор буга чейин Хабибди жана анын атасына карата жаман сөздөрдү айтып, мазактаган болчу.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду кечиргенин айтты. Бул тууралуу Р-Спорт басылмасы жазып чыкты.

Абдулманап Нурмагомедов Макгрегорду профессионалдык аскер самбосу боюнча дүйнө чемпионатына чакырды.

"Ардактуу конок катары Олег Тактаров менен Конор Макгрегорду аскердик самбо боюнча дүйнө чемпионатына чакырам. Мелдеш 15-декабрда Али Алиев атындагы спорт сарайында өтөт", — деди Нурмагомедов.

Ал ошондой эле Макгрегордун буга чейин айткан шылдыңдарын кечиргенин кошумчалады.

"Бардыгын кечирдим, кечиримдүү болуу керек", — деди ал.

Боец UFC Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Дана Уайт Хабибдин UFC уюмундагы мындан кийинки тагдыры тууралуу
Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин башкы беттешинде Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Таймаштан соң россиялык мушкер октагондон секирип түшүп, атаандашынын спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске кол салган. Ал эми тор ичинде Макгрегорго Хабибдин досу Зубайра Тухугов менен агасы Абубакар кол көтөргөн. Мындай жорукка Хабиб Конордун анын өзүнө, туткан динине, жакындарына акарат келтиргени себеп экенин түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0