Калашников автоматы. Архивдик сүрөт

ЖМК: Калашников автоматы дүйнөдөгү эң мыкты куралдардын бири

466
(жаңыланган 13:46 23.10.2018)
Калашников автоматтарын Михаил Калашников иштеп чыккан. 1949-жылы СССРдин куралдуу күчтөрүнө кабыл алынган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. The National Interest порталы Россиянын АК-74М автоматы дүйнөдөгү эң мыкты куралдардын бири экенинин жазды.

Россияда жасалган автомат дүйнө жүзүндөгү "эң коркунучтуу беш куралдын катарын толуктаган".

АК-74 мылтыгы 1970-жылдары белгилүү АК автоматтарын алмаштыруу үчүн иштелип чыккан. Жаңы автоматта 5,45 миллиметрдик октор колдонулат. 2014-жылы автоматтар жаңыланып АК-74М деген ат алган.

Тизмеге Россиянын куралдарынан сырткары америкалыктардын карабин М4, Англиянын SA80A2, француздардын FAMAS жана немистердин НК416 мылтыгы кирген.

Калашников автоматтарын Михаил Калашников иштеп чыккан. 1949-жылы СССРдин куралдуу күчтөрүнө кабыл алынган.

466
Белгилер:
автомат, курал-жарак, Россия
Тема боюнча
Пентагон Калашников автоматтарын өндүрүүгө дилгир
Басылмалар: "Калашников" кийим жана башка буюмдарды чыгаруу ниетинде