ЖМКлар Россия тууралуу туура эмес маалымат таратабы? Сурамжылоо

© AFP / Mladen ANTONOV Евробиримдиктин желеги. Архив
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Франциядагы кадырлуу iFop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Батыштагы алдыңкы өлкөлөрдүн калкынын дээрлик жарымы ЖМКлар Россия тууралуу адилетсиз жаңылык таратат деген пикирде. Буга Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары далил.

Sputnik агенттиги жана радиосунун буйрутмасы менен 2018-жылдын 9-20-август аралыгында жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, француздардын 53 пайызы, немистердин 50, британиялыктардын 47 жана америкалыктардын 43 пайызы алардын өлкөсүндөгү ЖМКлар Россия тууралуу объективдүү эмес маалыматтарды таратат деген пикирде. Ал эми франциялыктардын 25 пайызы, британиялыктардын 33 пайызы жана Германия менен АКШнын 39 гана пайызы жергиликтүү ЖМКлардын Россия тууралуу жазгандарына ишенет.

Сиздин өлкөдөгү ЖМКлар Россия тууралуу объективдүү жазабы?
Сиздин өлкөдөгү ЖМКлар Россия тууралуу объективдүү жазабы?  - Sputnik Кыргызстан
Сиздин өлкөдөгү ЖМКлар Россия тууралуу объективдүү жазабы?

Кызыгы, улуу муундагыларга салыштырмалуу француз жана немис жаштары ЖМКлар Россия тууралуу такталбаган маалымат таратат деген ойдо. Буга франциялыктардын 58 пайызы (35 жашка чейинки), германиялыктардын 54 пайызы (48 жашка чейинки) макул. Ал эми АКШ менен Улуу Британияда тескерисинче, жаштарга караганда улуу муундагылар ЖМКлар Россия тууралуу туура эмес кабар жазарын айтышты. Тагыраагы, америкалыктардын 46 пайызы (35 жаштан өйдө) жана британиялыктардын улуу муундагыларынын 51 пайызы ЖМКлардагы Россия тууралуу жаңылыктарга ишене бербейт.

Сурамжылоону Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Франциядагы кадырлуу iFop компаниясы 2018-жылдын 9-20-август аралыгында жүргүзгөн. Ага 18 жаштан жогору 4033 адам катышып, респонденттер жынысына, жашына жана жашаган аймагына карата тандалган.

Sputnik.Пикир долбоору тууралуу маалымат

Гибель журналиста Джамаля Хашукджи - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: араб журналистинин сөөгү Түркиядагы элчиликтин кудугунан табылды
Коомдук пикирди иликтөөгө алган эл аралык долбоор 2015-жылдын январь айында ишке кирген. Долбоордун өнөктөштөрү болуп Populus, Ifop жана forsa ири изилдөөчү компанияларыэсептелет. Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрү менен АКШда социалдык маанилүү маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0