Дембе-дем кофе ичүүнүн пайдалуу жактары айтылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКофе. Архив
Кофе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор 82 миң аялдын организминин көрсөткүчүн анализдеп көрүшкөн.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кытай окумуштуулары үзгүлтүксүз кофе ичип туруу розацея — беттин тери оорусу, кызаруу жана кан тамырлардын кеңейип кетүү коркунучун азайта турганын аныктап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости MedicalXpress басылмасына таянып кабарлады.

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүрөгү ооругандар өмүрүн кантип узартса болот. Кардиологдун аныктамасы
Маалыматка ылайык, узак убакытка созулган иликтөөдө адистер кофе беттин тери оорусун өрчүтөт деген маалыматты жокко чыгаргысы келген. Илимпоздор 82 миң аялдын организминин көрсөткүчүн анализдеп көрүшкөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында кофеин беттин тери оорусун басаңдата турганы маалым болгон.

Илимпоздордун билдирүүсүндө, айына бир чөйчөктөн кофе ичкендердикине караганда кофени бат-баттан ичкен адамдарда розацея азыраак байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0