Туула элек баланын ден соолугун кантип бекемдесе болот. Окумуштуулардын жообу

Жазылуу
Муну билүү үчүн окумуштуулар чычкандарга тажрыйба жүргүзүп, иликтеп көргөн.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Ата канчалык көп кыймылдап, активдүү жашаса болочоктогу, али жарала элек тукумунун (баласынын) ден соолугу ошончолук бекем болот. Мындай бүтүмгө АКШлык окумуштуулар келгенин "Известия" басылмасы жазды.

Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар өмүрдү узартуунун эң жөнөкөй жолун табышты
Бул үчүн адистер лаборатория шартында чычкандардын эркегин иликтеп, тажрыйба жүргүзүп көргөн. Аларды эки топко бөлүп, биринчисине кадимки тамак-аш берип, кыймыл-аракетте эркин боло турган кененирээк капаста кармашкан. Экинчи тобу майлуу тамак жеп, өтө тар, көп кыймылдаган шарт түзүлгөн жерде багылган.

Кийин эки топтон туулган мөндөлөйлөрдү бирдей шартта багышкан. Жыйынтыгында кыймылы көп чычкандардын балдары дени сак, ал эми жата берген кемирүүчүлөрдүн мөндөлөйлөрү биринчи айларында эле майлуу болуп, алсызыраак экени аныкталган.

Окумуштуулар мындан улам адам өзүнүн чың ден соолугу, активдүү жашоо образы менен жарыкка али келе элек ымыркайынын саламаттыгы үчүн жакшы шарт түзөт деген аныктамасын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0