Батыш эли Россия тууралуу жазган ЖМКларга эмнеге ишенбейт? Адистин пикири

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКремль. Архив
Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дээрлик ар бир экинчи франциялык, германиялык, британиялык жана америкалык жаран Россия тууралуу жазган жергиликтүү ЖМКларга ишенбей турганын сурамжылоо көрсөттү.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Франция, Германия, Улуу Британия жана АКШда сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы ЖМКлар Россия тууралуу адилетсиз жаңылык таратат деген пикирин билдирген. Буга Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары далил.

Ага Франция, Улуу Британия, Германия жана АКШнын 18ден өйдө курактагы 4033 жараны катышкан (ар бир өлкөдөн миңдей адам). Сурамжылоо үстүбүздөгү жылдын 9-20-август аралыгында жүргүзүлгөн. Респонденттер жынысына, жашына жана жашаган аймагына карата тандалган.

Жарандарга "Сиздин өлкөдөгү ЖМКлар Россия тууралуу объективдүү маалымат жазабы?" деген суроо узатылган.

Пропажа саудовского журналиста Джамаля Хашукджи - Sputnik Кыргызстан
Үрөй учурган фактылар. Канада журналисттин өлүмү үчүн Сауд Аравияны сынга алды
Натыйжада француздардын 53 пайызы, немистердин 50 пайызы, британиялыктардын 47 пайызы жана америкалыктардын 43 пайызы өз өлкөлөрүндөгү ЖМКлар Россия тууралуу адилетсиз жаңылык таратат деп билдиришкен.

Кызыгы, улуу муундагыларга салыштырмалуу француз жана немис жаштары ЖМКлар Россия тууралуу такталбаган маалымат таратат деген ойдо. Ал эми АКШ менен Улуу Британияда тескерисинче, жаштарга караганда улуу муундагылар ЖМКлар Россия тууралуу туура эмес кабар жазарын айтышкан.

Кыргызстандык саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикиринде, батыш өлкөлөрүнүн эли жергиликтүү ЖМКларга ишенбегенине жок эле дегенде эки себеп бар. Алардын бири европалыктар менен америкалыктар альтернативдүү булактардан маалымат ала алгандыгында.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык саясат таануучу Игорь Шестаков
Кыргызстанский политолог Игорь Шестаков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык саясат таануучу Игорь Шестаков

"Көпчүлүк россиялыктар АКШ менен Европага бизнес жасап, турист катары барып турушат. Батыш өлкөлөрүнүн жарандары Россияда эмне болуп жатканын ошол адамдардан угуп, өлкө тууралуу маалыматка ээ", — деди Шестаков.

Ал ошондой эле америкалыктар менен европалыктар маалыматтарды бир гана жергиликтүү ЖМКлардан эмес, альтернативдүү булактардан, мисалы RT телеканалынан уга алышарын кошумчалады.

Sputnik.Пикир долбоору тууралуу маалымат

Коомдук пикирди иликтөөгө алган эл аралык долбоор 2015-жылдын январь айында ишке кирген. Долбоордун өнөктөштөрү болуп Populus, Ifop жана forsa ири изилдөөчү компанияларыэсептелет. Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрү менен АКШда социалдык маанилүү маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0