Гавайи архипелагындагы бороон. Архив

Гавайидеги бороон аралды жер менен жексен кылды. Спутниктен алынган кадрлар

774
(жаңыланган 14:58 27.10.2018)
Гавайи архипелагы 24 аралдан турчу.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Гавайи архипелагындагы аралдардын бири "Валака" бороонунан кийин жер менен жексен болду. Бул тууралуу RT агенттиги АКШнын Балык ресурстары менен жапайы жаныбарларды коргоо кызматына шилтеме берип жазды.

Спутниктен алынган кадрларга караганда, октябрь айынын башында болгон бороондун айынан Чыгыш аралы толугу менен сууга чөгүп кеткен. Аралдын узундугу бир чакырым, туурасы 120 метрди түзгөн.

​Бул аралда жок болуп бара жаткан таш бакалардын түрлөрү бар болчу.

​Окумуштуулар климаттын өзгөрүшүнөн улам калган 23 арал дагы жок болуп кетүү коркунучунда экенин айтышууда.

774
Белгилер:
бороон, арал, Гавайи
Тема боюнча
10 секундда жок болгон шаар-кыштактар. Индонезиядагы цунаминин видеосу
Прездинет Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен. Архив

Токаев Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады

33
(жаңыланган 00:49 06.05.2021)
Токаев Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кесиптеши Садыр Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады. Бул тууралуу Акорданын сайтында жазылган.

Казакстандын лидери жиберген куттуктоо телеграммасында Нур-Султан Бишкекке ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги айтылат.

"Эл тарабынан колдоого алынган Баш мыйзам Кыргызстанды өнүктүрүүнүн, суверендүүлүгүн коргоонун жана коомду андан ары консолидациялоонун узак мөөнөттүү стратегиясынын негизин түзөт. Сиздин демилге жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары мындан ары дагы ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында Токаев Жапаровго кыргыз элинин бакубаттуулугу жана келечеги үчүн жооптуу миссиясында чоң ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Анын алкагында кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрдү

33
Белгилер:
Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Көбү ордунда калды. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн тизмеси
Кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрдү. Жапаров жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров

Садыр Жапаров 9-майга карата Москвага барбайт. Себебин Байтерек түшүндүрдү 

649
(жаңыланган 00:44 06.05.2021)
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Россияга сапары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга чейин макулдашылганы айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Улуу Жеңиш күнүнө карата (9-май) Москвага барбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

5-майда айрым ЖМКлар 9-майдын алдында, тагыраагы, 8-майда Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен Москвадан жолугушарын жазышкан. Ал эми Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Жапаровдун сапары пландалбаганын айтканы кабарланган. Бул өз учурунда соцтармакта кызуу талкуу жаратты. КР президентинин маалымат катчысы болсо төмөнкүлөрдү билдирди.

“Президент Садыр Жапаров пандемиядан улам 9-майда Москвага барууну пландаган жок. Россия тарап дагы быйыл Жеңиш күнүнүн юбилейлик датасы болбогондуктан КМШнын лидерлери расмий түрдө чакырылбаганын маалымдап, буга пандемия дагы себеп экенин белгилешти. Ал эми Тажикстандын президентинин Москвага болгон сапары бир ай мурун эле макулдашылган”, — деди Байтерек.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКлар дагы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Россияга сапары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга чейин макулдашылганын жазышкан.

649
Белгилер:
Эмомали Рахмон, Тажикстан, Владимир Путин, Россия, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
БУУнун жогорку комиссары өкмөттүн чек арадагы жаңжалды жөнгө салуусун кубаттады