Франция: балдарын кола жана таттуу тамактар менен баккан киши түрмөгө түштү

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүПирожное. Архив
Пирожное. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атасы темир тордун артына жөнөтүлгөндөн кийин балдарын башкалардын кароосуна беришти.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Францияда балдарын кола жана таттуу тамактар менен гана баккан киши үч айга эркинин ажыратылды. Бул туурасында Le Figaro сайтында маалымдалган.

"Аракка берилип кеткен киши 3 жана 4 жашар балдарын жалгыз багып келген. Үйүндө керебет, муздаткыч, оюнчук деген болгон эмес. Алардын мындай абалын жергиликтүү социалдык кызматкерлер байкап калып, тиешелүү чечим кабыл алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Туура эмес тамактангандыктан улуу баласынын тиштери туура эмес өсүп, жети тишин сууруганга туура келген. Атасы темир тордун артына жөнөтүлгөндөн кийин балдарды башкалардын кароосуна беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0