Эмне үчүн көп ичкен киши эртеси эч нерсени эстей албайт? Окумуштуулардын пикири

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМедицинский вытрезвитель в Химках
Медицинский вытрезвитель в Химках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар адамдын гениндеги табышмактуу көрүнүштү изилдөө үчүн чымындарды пайдаланган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Окумуштуулар адам өтө мас болуп калган учурун жана андагы кыймыл-аракетин эмне себептен унутуп каларын иликтеп чыгышты. Бул туурасында РИА Новости Neuron илимий журналына шилтеме берип жазды.

Открытие гипермаркета Лента в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Европа менен КМШда өспүрүмдөр арасында арак ичүү азайды
Макалада айтылгандай, адистер адам ичип алган кездеги маалыматтар мээден эмнеге "жуулуп" каларын билүү үчүн кадимки чымындарга эксперимент кылган.

Баса, жаратылышта адам баласынан башка бир дагы жаныбардын организми алкоголду көтөрө албайт жана ага көнүп, байланып калбайт экен. Чымындар болгону ачып-кычып, "күчүнө" кирип калган жер-жемиштерди жей алат. Ошол себептүү окумуштуулар дал ушул жандыктарды иликтеп көрүүнү чечишкен.

"Мээде эс-тутумга жооп берген Dop2R деп аталган ген болот. Качан гана организмге көп өлчөмдөгү алкоголдук ичимдик киргенде аталган ген иштебей калат. Эмне себептен мындай болорун окумуштуулар азырынча тактай элек", — деп жазылган маалыматта.

Эгер адам ичимдикти өз нормасынан үч эсе ашырып ичип ийсе, Dop2R бир нече сутка бою иштебей коюшу мүмкүн экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0