Япон ханбийкеси титулдан баш тартып, жөнөкөй жигитке турмушка чыкты. Сүрөт

© REUTERS / KYODOИмператор Акихитонун эки ата өткөн карындашы, Япониянын ханбийкеси Аяко Такамадо жөнөкөй жигитке турмушка чыкты
Император Акихитонун эки ата өткөн карындашы, Япониянын ханбийкеси Аяко Такамадо жөнөкөй жигитке турмушка чыкты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада ханбийке император Акихито мене коштошуп, королдук үйдөн чыгып кетти.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Император Акихитонун эки ата өткөн карындашы, Япониянын ханбийкеси Аяко Такамадо жөнөкөй жигитке турмушка чыкты. Бул туурасында Japan Today кабарлады.

© REUTERS / KYODOАяконун жары 32 жаштагы жигит кеме курган "Ниппон Юсен" деп аталган ири компанияда менеджер болуп эмгектенет
Свадьба японской принцессы Аяко Такамадо - Sputnik Кыргызстан
Аяконун жары 32 жаштагы жигит кеме курган "Ниппон Юсен" деп аталган ири компанияда менеджер болуп эмгектенет

Аяконун жары 32 жаштагы жигит кеме курган "Ниппон Юсен" деп аталган ири компанияда менеджер болуп эмгектенет. Түгөйлөр бүгүн, 29-октябрда, Токио шаарындагы Мэйдзи сепилинде нике кыйдырып, баш кошту.

Үйлөнүү салтанатына 30га жакын конок катышып, келинчек салттуу кийимчен, ал эми күйөө бала фракчан жүрдү.

​28 жаштагы Аяко император Акихитонун эки ата өткөн тууганы, ал 2002-жылы каза болгон.

Япон салтына ылайык, эгерде кыз императордук бүлөнүн мүчөсүнө чыкса, алардын катарына өтөт. Ал эми ханбийке жөнөкөй адамга турмушка чыкса, титулдан баш тартышы кажет.

Жаңылыктар түрмөгү
0