Жылына 200 млн. жүргүнчү, күнүнө 2000 учак кабыл алат. "Стамбул" аба аэропорту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДүйнөдөгү эң ири аэропорт боло турган Стамбулдагы аба майдан биринчи этаптагы ишин баштады
Дүйнөдөгү эң ири аэропорт боло турган Стамбулдагы аба майдан биринчи этаптагы ишин баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрдоган жаңы аэропортту Түркиянын кубаттуулугу менен эркиндигинин белгиси деп атады.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң ири аэропорт боло турган Стамбулдагы аба майдан биринчи этаптагы ишин баштады деп билдирди РИА Новости.

Мындан бир аз мурдараак өлкө лидери Режеп Тайип Эрдогандын учагы жаңы аэропортко конуп, аба майданга келген биринчи аба кемеси болуп калды. Мындан соң ал жубайы менен электромобилге түшүп, аталган объектини айланып чыгып, символикалык түрдө биринчи билетти сатып алды.

"Стамбул —Түркиянын эң ири гана шаары эмес, өлкөнүн бренди. Андыктан биз жаңы эл аралык аба майданга "Стамбул" деген ат ыйгардык. Бул Түркияга эле эмес, дүйнөгө ачылыш жасайт", — деп Эрдогандын салтанатта айткан сөзүн NTV телеканалы алып берди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДүйнөдөгү эң ири аэропорт боло турган Стамбулдагы аба майдан биринчи этаптагы ишин баштады
Дүйнөдөгү эң ири аэропорт боло турган Стамбулдагы аба майдан биринчи этаптагы ишин баштады - Sputnik Кыргызстан
1/6
Дүйнөдөгү эң ири аэропорт боло турган Стамбулдагы аба майдан биринчи этаптагы ишин баштады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМындан бир аз мурдараак өлкө лидери Режеп Тайип Эрдогандын учагы жаңы аэропортко конуп, аба майданга келген биринчи аба кемеси болуп калды
Мындан бир аз мурдараак өлкө лидери Режеп Тайип Эрдогандын учагы жаңы аэропортко конуп, аба майданга келген биринчи аба кемеси болуп калды - Sputnik Кыргызстан
2/6
Мындан бир аз мурдараак өлкө лидери Режеп Тайип Эрдогандын учагы жаңы аэропортко конуп, аба майданга келген биринчи аба кемеси болуп калды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭрдоган "Стамбул" аэропорту Түркиянын кубаттуулугун жана жетишкендигинин көрсөткүчү экендигин айтты
Эрдоган Стамбул аэропорту Түркиянын кубаттуулугун жана жетишкендигинин көрсөткүчү экендигин айтты - Sputnik Кыргызстан
3/6
Эрдоган "Стамбул" аэропорту Түркиянын кубаттуулугун жана жетишкендигинин көрсөткүчү экендигин айтты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАл жаңы аба мейкиндиги дүйнөдөгү маанилүү делген башкы хабдардын бири болуп, континеттер аралык байланышты өзгөртөт деген пикирин кошумчалады
Ал жаңы аба мейкиндиги дүйнөдөгү маанилүү делген башкы хабдардын бири болуп, континеттер аралык байланышты өзгөртөт деген пикирин кошумчалады - Sputnik Кыргызстан
4/6
Ал жаңы аба мейкиндиги дүйнөдөгү маанилүү делген башкы хабдардын бири болуп, континеттер аралык байланышты өзгөртөт деген пикирин кошумчалады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАба майдан толук ишке киргиче "Ата Түрк" аэропорту иштеп турат
Аба майдан толук ишке киргиче Ата Түрк аэропорту иштеп турат - Sputnik Кыргызстан
5/6
Аба майдан толук ишке киргиче "Ата Түрк" аэропорту иштеп турат
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАэропорттун ачылыш салтанатына Эрдогандын чакыруусу менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да барып, катышты.
Аэропорттун ачылыш салтанатына Эрдогандын чакыруусу менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да барып, катышты. - Sputnik Кыргызстан
6/6
Аэропорттун ачылыш салтанатына Эрдогандын чакыруусу менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да барып, катышты.
1/6
Дүйнөдөгү эң ири аэропорт боло турган Стамбулдагы аба майдан биринчи этаптагы ишин баштады
2/6
Мындан бир аз мурдараак өлкө лидери Режеп Тайип Эрдогандын учагы жаңы аэропортко конуп, аба майданга келген биринчи аба кемеси болуп калды
3/6
Эрдоган "Стамбул" аэропорту Түркиянын кубаттуулугун жана жетишкендигинин көрсөткүчү экендигин айтты
4/6
Ал жаңы аба мейкиндиги дүйнөдөгү маанилүү делген башкы хабдардын бири болуп, континеттер аралык байланышты өзгөртөт деген пикирин кошумчалады
5/6
Аба майдан толук ишке киргиче "Ата Түрк" аэропорту иштеп турат
6/6
Аэропорттун ачылыш салтанатына Эрдогандын чакыруусу менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да барып, катышты.

Эрдоган "Стамбул" аэропорту Түркиянын кубаттуулугун жана жетишкендигинин көрсөткүчү экендигин айтты.

Ал жаңы аба мейкиндиги дүйнөдөгү маанилүү делген башкы хабдардын бири болуп, континенттер аралык байланышты өзгөртөт деген пикирин кошумчалады. Аба майдан толук ишке киргиче "Ата Түрк" аэропорту иштеп турат.

Эрдоган салтанатта символикалык түрдө штурвалды башкарып, жаңы аэропорттун ишке киришине белги берди.

Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары
Аба майдандын курулушуна 26,14 миллиард евро сунуштап, тендерден Limak-Kolin-Cengiz-MaPa-Kalyon аттуу компания утуп алган. Биринчи этабынын курулушуна 6 миллиард евро бөлүнгөн. Курулуш иштери төрт жыл жүрүп, анда 10 миңге чукул адам иштеген. Жалпы аянты 76,5 миллион чарчы метр (7650 гектар).

Жаңы хабдын учуп-конуучу алты тилкеси, 500 аба кемеси, 70 миң автоунаага ылайыкталган ачык жана тосулган жайы бар.

Алгачкы кадамын аэропорт ички каттамдар менен баштап, акырындап ишке кирет. Биринчи багыт ноябрь айында Анкара, Анталья, Измир шаарларына пландалган. Эл аралык алгачкы каттам Баку менен Түндүк Кипрге жасалат. Ал эми башка тараптарга учуу 2023-жылдан тарта башталат.

Бардык курулуштары аягына чыккан соң "Стамбул" аэропорту жылына 200 миллионго чукул жүргүнчүнү кабыл алган дүйнөдөгү эң ири аба майданы болуп калат. Пайдаланууга берилгенден кийин дүйнөнүн 250 аба компанияларынын учагын кабыл алууга жана 350 багытка жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Алдын ала пландоодо аэропорт күнүнө 2 000 учакты кабыл алууга жөндөмдүү болору айтылды.

Аэропорттун ачылыш салтанатына Эрдогандын чакыруусу менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да барып, катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0