Instagram баракчасынын эң популярдуу колдонуучусу рекорд жаңыртты

© AFP / MIGUEL MEDINAортугалиялык футболчу жана "Ювентус" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду. Архив
ортугалиялык футболчу жана Ювентус клубунун оюнчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баракчасына жазылган адамдардын көптүгү боюнча лидерликти 2016-жылдан бери Селена Гомес бербей келген.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Португалиялык футболчу жана "Ювентус" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду Instagram тармагындагы эң популярдуу колдонуучу аталды. Ага рекорддук сандагы адамдар жазылган.

Goal.com спорттук порталдын маалыматына караганда, жаңы рекорд дүйшөмбү күнү, 29-октябрда, коюлган. Тагыраагы, футболчунун баракчасына 144,36 миллион адам жазылганы белгилүү болду.

Муну менен Роналду 2016-жылдан бери лидерликти бербей келген Селена Гомести артта калтырды. Популярдуу ырчынын 144,318 миллион фолловери бар.

https://www.instagram.com/p/BnqKdyRFL0-/?taken-by=cristiano

Португалиялык футболчу 2018-жылдын жай айларында мадриддик "Реал" клубунан "Ювентуска" өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0