Чөнтөгүнө телефон салган кыз. Архивдик сүрөт

Дарыгер смартфонду кайсы жерлерге коюуга болбой турганын айтты

2148
(жаңыланган 17:26 31.10.2018)
Уюлдук аппараттын нурдануусу рак оорусун чакырып, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Дарыгер Лилли Фридман Reader`s Digest басылмасына смартфонду кайсы жерлерге коюуга болбой турганын айтып бергенин "Известия" жазды.

Адистин айтымында, уюлдук аппаратты шымдын чөнтөгүнө салып жүрүү абдан зыян. Себеби телефондун нурдануусу рак оорусун чакырып, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.

Дарыгер ошондой эле аппаратты кубаттап жатканда жаздыктын астына койбоо керектигин эскертти. Себеби аппарат ысып өрт чыгып кетиши мүмкүн. Мындан сырткары, кечкисин смартфон адамга канчалык жакын болсо уйку бузулары айтылды.

Телефонду жуунуучу жайда жана күнгө калтырып коюу анын иштешин начарлатат.

2148
Белгилер:
смартфон, дарыгер
Тема боюнча
Күүгүм кирери менен смартфондон баш тартуу керек. Адистин сунушу
Кадырбеков: балдар тарбиясын смартфонго берип койдук, келечеги кооптондурат
Окумуштуулар смартфонду бир заматта заряддоонун жолун табышты