Терьер пародасындагы ит. Архив

Иттин башына 5 миң евро сайышты. Мафия өкүлдөрү тиш кайраган жаныбар

820
(жаңыланган 10:33 01.11.2018)
Ит полицияда "иштеген" мезгил аралыгында баш-аягы эки миң тоннага жакын баңгизат таап, бир канча мафия топторун куру жалак калтырган.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Италиядагы "Каморра" деп аталган кылмыштуу топ баңгизаттын жытын илгиртпей сезген Почо аттуу иттин башына кадимкидей эле 5 миң евро сайган. Бул туурасында La Stampa басылмасы кабарлады.

Тогуз жаштагы бул жаныбар Неаполдогу полицияда бир нече жылдан бери кызмат өтөп, абдан айлакерлик менен жашырылган тыюу салынган заттарды таап чыгып турган.

​Почо балдардын сүт куюлган бөтөлкөсүнө катылган баңгизаттарды да билип койгон учурлар кездешкендигин басылма жазды. Маалыматта иттин мындай жыт алгычтыгы мафия топторун миллиондогон евродон кур жалак калтыргандыгы айтылган.

​Италиядагы "Каморра" деп аталган кылмыш тобунун чыдамын кетирип, жаалдануусун жараткан окуя Салерно провинциясында болуптур. Ит адаттагы тапкычтыгы менен 30 килограмм баңгизатты таап чыккандан соң кылмышкерлер Почону ким өлтүрсө, 5 миң евро төлөп берээрин жар салган.

Буга чейин мафия өкүлдөрү итти уулантып өлтүрүү максатында ар кыл тамак бергенге аракет кылып, бирок андан майнап чыккан эмес.

Ал эми полиция ит ишенимдүү коргоого алынганын маалымдады.

820
Белгилер:
ит, байге, баңги зат, полиция, Италия
Россиялык вакцинаны алган киши. Архивдик сүрөт

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

166
(жаңыланган 15:50 11.08.2020)
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россияда чыгарылган коронавируска каршы күрөшүүчү вакцина 2021-жылдын 1-январынан тартып массалык колдонууга чыгарылат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин дары каражаттарынын мамлекеттик реестринин маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, бүгүн аталган министрлик коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады. Препарат Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий изилдөө борбору тарабынан Россиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте иштелип чыккан.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Маалыматта эмдөө алгач медиктерге жасалары айтылат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталып, андан соң массалык түрдө чыгарылат.

166
Белгилер:
сатык, колдонуучу, коронавирус, вакцина, каттоо, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты
Путин Россиянын коронавируска каршы вакцинаны каттагандыгын жарыялады
Бейтапка укол сайып жаткан дарыгер. Архив

Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты

268
(жаңыланган 15:21 11.08.2020)
Бүгүн Россиянын дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин кыздарынын бири коронавируска каршы вакцина алгандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Мындай маалыматты ал өкмөттүн жыйынында Россия дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнү туурасында сөз болгон учурда айтты.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

"Кыздарымдын бири да эмдөө жасатты. Мындайча айтканда, ал экспериментке катышты. Биринчи эмдөөдөн кийин эти ысып, 38 градуска чыкты, эртеси 37 градустан бир аз өйдө болду, бүттү, андан кийин калыбына келди", — деди Путин.

Бүгүн Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

268
Белгилер:
каттоо, вакцина, коронавирус, Владимир Путин, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт
Карантин аймагында турган кызматкер. Архив

Күйдүргү: Кара-Суунун Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди

0
(жаңыланган 19:00 11.08.2020)
Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапта күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталганын билдирди. Бейтаптын абалы канааттандырарлык.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жергиликтүү тургундардын арасында күйдүргү чыккан Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Мияшев билдирди.

Анын айтымында, карантин 18-августка чейин уланат. Эреже боюнча Тогуз-Булак айылынын тургундары сыртка чыга албайт жана аймакка башкалардын кирүүсүнө тыюу салынат.

"Бөтөнчө ооруган уйду союп, этин алгандар үйдөн чыкпай, өзүн обочолоп отурушу керек. Ошондой эле сырттан мал жандыктарды алып кирүүгө жана чыгарууга болбойт", — деди айыл өкмөттүн башчысы.

Эске сала кетсек, бүгүн, 11-августта, Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Облустук ветеринардык инспекция лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жатканын айткан.

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапта күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталганын билдирди. Учурда бардык бейтаптардын абалы канааттандырарлык, керектүү дарылоону алып жатышат.

Райондо оорунун очогун чектеп, жок кылуу үчүн ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү кызматтар менен жыйын курушкан. Ошондой эле ооруну алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

0
Белгилер:
карантин, оору, күйдүргү, Тогуз-Булак, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу
Оштун Кара-Суусунда сегиз киши күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү