Адамдын узак жашоосунун бирден-бир себеби айтылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКары адамдар. Архив
Кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин адистер адам өмүрүнүн узундугу боюнча иликтөөлөрдү жасаганда, салмак менен метаболизмге гана көңүл буруп келген.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. АКШнын Вандербильт университетинин окумуштуулары адам менен жаныбарлардын жашоосунун узактыгы мээдеги нейрондордун санына байланыштуу экенин айтышты. Бул тууралуу  РИА Новости агенттиги Medicalxpress сайтына шилтеме берип  жазды.

Сюзан Херкулано-Хузель аттуу невролог канаттуулар менен жаныбарлардын 700гө жакын түрүнүн мээсин изилдеп көргөн.

"Илимпоздор жаныбар менен канаттууну салыштырган. Анда куштардын мээсинде нейрондор алдаганча көп болору жана чымчыктар дене түзүлүшү, салмагы бирдей болгон жаныбарларга караганда 10 эсе көп жашары белгилүү болгон", — деп жазылат макалада.

Невролог мээни текшерип чыккандан кийин жаныбардын канча жыл жашай турганы боюнча божомолдорду айтып, анын 75 пайызы туура чыккан.

Буга чейин адистер адам өмүрүнүн узундугу боюнча иликтөөлөрдү жасаганда, салмак менен метаболизмге гана көңүл буруп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0