Доллар акчасынын өрттөнүшү. Архивдик сүрөт

ЖМК: АКШнын мамлекеттик карызы өзүнө коркунуч жаратууда

300
(жаңыланган 17:57 04.11.2018)
Учурда АКШнын мамлекеттик карызы 21 триллион доллардан ашат.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жон Болтон АКШнын мамлекеттик карызы өлкөгө коркунуч туудуруп жатканын билдирди. Ал мындай пикирин Вашингтондо "Александр Гамильтондун коому" бейөкмөт уюмунда сүйлөп жатып билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.

"Мамлекеттик карыздын мындай көлөмгө жетиши коомго дагы терс таасирин тийгизип, керек болсо өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат", — деди Болтон.

Ал ошондой эле өз сөзүндө АКШнын бийлиги артыкчылык берилген багыттар боюнча иш алып барып, мамлекеттин чыгымдарын азайтуусу керектигин кошумчалады. Кийинки жылдын жаңы бюджетинде чыгаша бөлүгүн кыскартуу каралганын белгиледи.

Учурда АКШнын мамлекеттик карызы 21 триллион доллардан ашат. Ошол эле учурда мамлекеттин ички дүң продукциясы 19,5 триллион долларга бааланат. Америкалык экономисттердин божомолу боюнча 2026-жылга карата мамлекеттик карыз 30 триллион долларга жетет.

Ал эми Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөө үчүн канча каражат жумшай турганын бул жактан окуңуз.

300
Белгилер:
Тышкы карыз, экономика, карыз, АКШ
Тема боюнча
Министр: 2027-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн. доллар керектелет
Мамлекеттик карызга кетчү төлөм миллиарддап өсөт. 2021-жылга чейинки график
Афганистандагы АКШ аскер кызматкерлери. Архив

"Россияны жеңүүнүн ыгын таптык". Пентагон кандай ишке киришти?

56
(жаңыланган 11:06 20.01.2021)
Америкалыктар атомдук энергетиканын аскердик багытын өрчүтүүнү чечишти. Тактыдан кетерден мурун президент Трамп куралдуу күчтөр жана космосту изилдөө үчүн кубаттуулугу азыраак өзөктүк реакторлорду иштеп чыгуу жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

АКШ атомдук энергияны аскердик-деңиз күчтөрүнөн башка багыттарда жарым кылымдан бери алгач ирет колдонгону турат. Вашингтонго жаңы тыгыз реакторлордун зарылдыгы эмне экенине сереп салган Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Резервдик булак

АКШнын Куралдуу күчтөрүндө суу алдындагы кайыктар жана авиаташуучулар атомдук реакторлор менен жабдылган. Мындан улам америкалык флоттун эң ири вымпелдеринин деңизде жүрүү убактысы дээрлик чектелбейт.

Өзөктүк энергияны бөлөк өлкөлөрдүн да аскердик-деңиз күчтөрү пайдаланат. Мисалы, француздарда "Шарль де Голль" авиаташуучу, ал эми Россияда "Петр Великий" оор ракеталык крейсери атомдук күч менен жүрөт. Бирок АКШда атомдук күч менен жүрүүчүлөр алда канча арбын. Америкалыктар бул жетишкендиктери менен токтоп калбайт.

"Президент Трамптын көрсөтмөсү менен аз кубаттуулуктагы атомдук реакторлордун чыгымдары боюнча алып караганда Коргоо министрлиги өлкө ичиндеги аскердик объектиде энергетикалык ийкемдүүлүк жана майнаптуулукту көрсөтүү планын иштеп чыгып жана ишке ашырмакчы. Ошондой эле аз кубаттуулуктагы мобилдик реакторду сынайт.

Энергиянын мындай булактары күн энергиясын, ошондой эле коргонуу тармагында колдонууга мүмкүн болбогон алыскы космосту изилдөөдө алмашкыс", — деп маалымдашат Ак үйдүн басма сөз кызматынан. Тыгыз өзөктүк реакторлор дал эмнеге керектелгенин АКШ бийлиги так кабарлабайт. Белгилүү defensenews.com порталынын эксперттери кеп армиялык базалардагы резервдик кубаттоо булактары жөнүндө деп эсептешет.

Эгер аскердик объектиде электр энергиясы жоголсо, реактор өтө маанилүү жабдыкты энергия менен камсыз кылат. Жарлыктын текстине ылайык, адистердин пикиринде биринчи прототипти сыноолор жарым жыл ичинде АКШдагы ири – Невада полигонунда башталууга тийиш.

Космосту багындыруу

Secure World Foundation коммерциялык эмес уюмунун космостук коопсуздук маселелери боюнча эксперти Брайан Уиден узак, анын ичинде учкуч тескеген, Ай, Марс жана башка планеталарга учуштарда өзөктүк энергиясыз болбостугун эскертет.

Келечекте жерден тыш (башка планеталардагы) биринчи колониялар үчүн реакторлор керектелет. Айрым адистер жаңы технологияларды орбиталык курал платформаларында пайдаланууга болорун эсептешет. Негизинен бул сценарий космосту потенциалдуу согуш талаасы катары караган АКШнын Космостук күчтөр агрессивдүү доктринасына сыярлык.

"Америкалыктарга бул биринчи кезекте космостук максаттарда зарыл деп боолголойм, — дейт РФтеги "Арсенал Отечества" журналынын башкы редактору Виктор Мураховский. — Бизде "атомдук реактор" деген сөз айкашы башка маанини туюндурат. Биринчиден, бул – уранды ок-жайлатуучу менен бөлүнүүнүн удаалаш реакциясынын жана кубаттуулукту жөнгө салуунун негизинде иштеген түзүлүш. Россияда мындай орнотмолор "Буревестник" жана "Посейдон" үчүн жасалган. Экинчиден, бул – спутник, радиобуй (маяк) жана метеостанцияларда колдонулган изотоптук өзөктүк энергия булактары. Алардын майнаптуулугу азыраак, антсе да анчалык күчтүү жаркырабайт".

Эксперт АКШда 1950-60-жылдарда СССРде да учактар үчүн чакан өзөктүк реакторду иштеп чыгууга аракет кылышканын эске салат. Бирок андай долбоорлордон баш тартышкан, бир эмес, ал түгүл эң чоң учак да экипаждын биологиялык коргоо тутумунун жүгүн көтөрө алмак эмес. Ошондуктан реакторлорду колдонуу ири кемелер менен чектелген.

Мураховскийдин айтымында, азыркыга дейре дүйнөнүн бир дагы өлкөсү учкуч айдаган учактарда, сыйымдуулугу азыраак кемелерде жана жердеги транспорттук каражаттарда пайдаланууга мүмкүн болгон чакан реакторлорду (бөлүнүү реакциясына) жарата алган эмес.

Ошол эле убакта эксперт америкалыктар россиялык "Буревестник" жана "Посейдондорду" кайталоону каалай тургандыгынан шек санайт. "Бул системалар болушунча спецификалык, — деп түшүндүрөт ал. — Аларды агрессор өзөктүк согушту тутанткан шарттарда кепилденген жооп иретиндеги сокку жана ракетага каршы коргонуунун батыш тутуму үчүн жасашкан. Америкалыктарда алардын максаттарына төп келчү куралдар ансыз да жетиштүү".

Радиация көйгөйү

Өзөктүк күч түзүлүшүн кезегинде континенттер аралык Convair B-36 стратегиялык бомбалоочу учагы үчүн иштеп чыгышкан. Алар 1949-жылдан 1959-жылга дейре АКШнын Аскердик аба күчтөрүндө турган.

NB-36H учуучу лабораториясынын тумшук бөлүгүнө 12 тонналык коргоочу капсуланы орнотушкан. Ал эми ыкчам нейтрондогу бир мегаватт кубаттуулуктагы, диаметри 1,2 метрлик, 16 тонналык реакторду бомба жайгаштырылчу бөлүгүнө коюшкан.

Ал учушта коё берилип, учактын бортундагы аба топтогуч аркылуу кирген атмосфералык абада муздоого тийиш эле. Эксперименталдык машина 47 ирет учкан, бирок өзөктүк кыймылдаткычын кыска убакытка гана жандырышчу. Демилге дурустай эле көрүнгөн. Мындай учуучу аппаратты бир нече сутка кошумча май куюлбастан абада аскердик күзөт өтөй алчу стратегиялык бомбалоочу же чалгындоочу учак катары да колдонууга болмок. Бирок көйгөйлөрү өтө көп эле. Биринчиден, ар бир атомолет – маңызында бөтөнгө эмес өзгө да кулап калышы толук ыктымал "ыплас" бомба. Экинчиден, абада да эксперименталдык борттун "этеги" радиоактивдүү заттарга толо эле. Акыры, экипаж баары бир катуу нурланчу. Өзөктүк куралды жеткирүүнүн негизги каражаты катары континенттер аралык баллистикалык ракеталардын өнүгүшү атомолеттордун татаал жана кооптуу программасынын келечегине биротоло бөгөт койгон.

АКШда өзөктүк реакторду жердеги техникага да орнотууга аракет кылышкан. Жыйырма беш тонналык Chrysler TV-8 танкын эч качан массалык түрдө чыгарышкан эмес, ал алты штаттык тутумдар менен жабдылган толук өлчөмдүү макет түрүндө гана болгон.

Машинаны кыймылга буу кыймылдаткычы келтирмек, жылуулукту ага чакан атомдук реактор берип турган. Антсе да америкалык аскерлер Chrysler корпорациясынын куралчыларынын инновациялык маанайын баалай алышкан эмес. Танкты өтө эле татаал деп таап, ал эми анын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кадимки машиналардан баш тартууга жетишсиз деп баалашкан. 1956-жылдын 23-апрелинде TV-8 долбоорун жаап салышкан.

56
Белгилер:
армия, АКШ, танк, Пентагон, Россия, асман, курал
Тема боюнча
6-муундагы кубаттуулук. МиГ-41 качан көккө кое берилет?
Ирландиянын UFC мушкери Конор Макгрегор. Архивдик сүрөт

Макгрегордун үстүнөн зордуктоо боюнча миллиондогон долларлык эки арыз түштү

63
(жаңыланган 10:55 20.01.2021)
Жабырлануучу делген кыз бир нече миллион евролук доо койгон. Ал эми анын энеси азыраак суммада дагы бир арыз жазган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ирландиянын Жогорку соту UFC мушкери Конор Макгрегорго байланышкан эки арызды каттады. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Арыздын чоо-жайы тууралуу азырынча кенен айтыла элек. Деген менен кайрылуулар спортчунун 2018-жылдагы зордуктоого айыпталган окуясына байланыштуу экени белгиленет. Жабырлануучу делген кыз бир нече миллион евролук доо коюп, сотко кайрылган. Ал эми анын энеси азыраак суммада дагы бир арыз жазган.

Өз кезегинде Макгрегордун өкүлү Карен Кесслер бул иш мушкердин катышуусу менен толук иликтенгенин белгилеп, тергөөдөн кийин мушкерге тагылган айыптар алып салынганын айтууда.

"Доо койгондор өз арызында келтирилген жүйөлөргө карама-каршы келген фактыларды билишет. Макгрегор ар кандай дооматтарды сот аркылуу чечет. Ал адилеттик жеңерине ишенет", — деди Кесслер.

Белгилеп кетсек, 24-январда ирландиялык мушкер промоушендеги кезектеги беттешине чыгат. Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порьенин кармашы Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтүүчү UFC 257 мелдешинин башкы таймашы болот.

63
Белгилер:
доо арыз, сот, кылмыш, зордуктоо, Конор Макгрегор, UFC
Тема боюнча
UFC Макгрегор менен Нурмагомедовдун беттештерин бир күндө өткөрүүдөн баш тартты
Футболчу Серхио Рамос мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Видео
Бугелдик аркан жол менен тоого чыгып бараткан кыз. Архивдик сүрөт

КРде дүйнөдө тыюу салынган аркан жол колдонулат. Адис лыжа базалары тууралуу

0
(жаңыланган 12:23 20.01.2021)
Адистин айтымында, өлкөдө тоо лыжа базаларына тийиштүү коопсуздук стандарттары кабыл алына элек. Буга байланыштуу юридикалык жактан доомат коюу мүмкүн эмес.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин бугелдик аркан жол колдонулат. Кооптуу делгендиктен ага дүйнө жүзүндө тыюу салынганын "Тоодо куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддеринин ассоциациясынын жетекчиси Владимир Комиссаров Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди. 

Руководитель общественного фонда Служба спасения в горах и Ассоциации горных гидов Владимир Комиссаров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Тоодо куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддеринин ассоциациясынын жетекчиси Владимир Комиссаров

Адистин айтымында, республикада тоо туризми жаатында коопсуздук чаралары кабыл алынган эмес. Буга байланыштуу кадимки эрежелер сакталбай келет.

"Бизде бугелдик аркан жол дагы деле колдонулуп келет. Дүйнө жүзү боюнча буга тыюу салынган. Себеби кооптуу деп эсептелет. Жеке мен бугелдик аркан жолдон колун сындырып алган кызды көргөм", — деди Комиссаров.

Ал ошондой эле турист трассанын оор-жеңилин билип турушу үчүн белгилер илиниши керектигин айтты.

"Турист анын алдында "кара" трасса экенин, ал профессионалдарга арналганын билиши керек. Кээ бир базаларда мындай классификациялар бар, бирок көпчүлүгүндө жок", — деди Комиссаров.

Адистин айтымында, лыжа тепкен трассалардын чети тосулуп турушу шарт.

"Лыжа спорту боюнча мелдештерди көрүп эле жүрсөңүздөр керек. Анда трассанын чети сетка менен тосулган. Лыжа тепкендер кулап кетсе даракты сүзбөй ошол сеткага барып урунушат. Бак-дарагы жок тоо лыжа базаларында тосулбаган түркүктөр кооптуулук жаратат", — деп кошумчалады Комиссаров.

Коопсуздук нормалары кабыл алынбагандыктан тоо лыжа базаларына юридикалык жактан доомат коюу мүмкүн эместиги айтылды. Адис мындай учурда коопсуздук лыжа тепкендердин тажрыйбасынан жана тоо лыжа базаларынын ээлеринен көз каранды экенин белгиледи.

0
Белгилер:
жол, коопсуздук, Тоо-лыжа базасы, лыжа, Кыргызстан
Тема боюнча
"Каракол" лыжа базасында каза болгон казакстандык өспүрүм. Кырсыктын чоо-жайы