Амстердамда мэрге жакпаган сойкулар көчүрүлгөнү жатат

© AFP / ANOEK DE GROOTАмстердам шаарында сойкулук кызматын көрсөткөн кыз. Архив
Амстердам шаарында сойкулук кызматын көрсөткөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амстердамдагы "кызыл чырактар кварталы" — туристтер арасындагы эң таанымал жай.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Амстердамдын жаңы мэри шаардын чок ортосунда орун алган айтылуу "кызыл чырактар кварталын" көчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Guardian басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Демилгени көтөргөн Фемке Халсема — аялдар арасынан чыккан алгачкы мэр.

"Ал шаардын тарыхый борборуна келген туристтердин көзү алгач эле "жеңил-желпи кыздарды" көрүп жатканына нааразы. Андыктан аларды калаанын башка жерине көчүрүүнү максат кылып, эмитен эле сойкулардын ишине бөгөт кое баштады", — деп жазылат макалада.

Бөлмөдөгү аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төшөк кумары даба болчу дарттар аталды. Тизме
Жетекчи 2019-жылдын башында бул аймакты таптакыр башкача кылып өзгөртүүнү көздөп жатат. Бирок айрым булактарда айтылгандай, "сулууларды" бул аймактан кууп чыгууга мурдагы мэрлер деле аракет кылып, бирок майнап чыккан эмес.

Амстердамдагы "кызыл чырактар кварталы" — туристтер арасындагы эң таанымал жай. Анда айнегинен кызыл чырактын жарыгы тийип турган имараттарда 300дөй сойку сексуалдык кызмат көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0