Жер жүзүндөгү эң сулуу селки аныкталды! Чырайлуу кыздын сүрөтү

© AP Photo / Bullit Marquez"Жер жүзүнүн сулуусу — 2018" сынагынын катышуучулары. Архив
Жер жүзүнүн сулуусу — 2018 сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын Instagram баракчасына 10 миң адам жазылган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Вьетнамдык кыз Фыонг Кхань Нгуен "Жер жүзүнүн сулуусу — 2018" аталышындагы сынакта "Теңдеши жок сулуу" деген наамды жеңип алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

23 жаштагы ал кыздын маркетинг тармагында окуп, англис тилинде эркин сүйлөрүн, Instagram баракчасына 10 миң адам катталганын айтышты.

"Жер жүзүнүн сулуусу — 2018" Бириккен Улуттар Уюму жыл сайын өткөргөн Филиппиндеги эң ири сынактардын бири. Ага дүйнөнүн айжаркын, чүрөк деген кыздары катышат. Негизи идея — коомчулуктун көңүлүн курчап турган чөйрөгө жана жандуу жаратылышты коргоого буруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0