Индонезияда кулаган Boeing учагынын кара ящигиндеги маалыматтар алынды

© Sputnik / Букбис Чандра Исмет Бэй / Медиабанкка өтүүКрушение Boeing 737 в Индонезии
Крушение Boeing 737 в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индонезиялык куткаруучулардын маалыматы боюнча кырсыктан эч ким тирүү калган эмес. Учактын ичинде 189 жүргүнчү болгон.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Индонезиянын транспорттогу коопсуздук боюнча улуттук комитети австралиялык адистер менен биргеликте кулап түшкөн Boeing 737 учагынын кара ящигиндеги маалыматтарды алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Detik порталына таянуу менен билдирди.

Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары
Анда учактын акыркы 69 саат ичиндеги бардык маалыматтары жазылып калган.

Lion Air авиакомпаниясына таандык Boeing 737 учагы 29-октябрда Жакартадан учуп чыккандан кийин 13 мүнөттөн соң Суматрага жакын жердеги аралдардын бирине кулап түшкөн. Учактын калдыктары 30-40 метр тереңдикке чөгүп кеткен.

Авария эмнеден улам болгону аныктала элек. Кырсыктаган учак 2018-жылы өндүрүштөн чыгып, августтан тарта каттамдарга чыга баштаган. Индонезиялык куткаруучулардын маалыматы боюнча кырсыктан эч ким тирүү калган эмес. Учактын ичинде 189 жүргүнчү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0