Европадагы эң булганыч шаар аныкталды

© REUTERS / Wolfgang RattayТүтүн. Архив
Түтүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анализдин жыйынтыгы боюнча Европа шаарларынын ичинен экологиялык жактан таза, жашоого жагымдуу деп Финляндиянын Хельсинки, Исландиянын Рейкьявик, Швейцариядагы Цюрих шаарлары аталды.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Македониядагы Тетово шаары Европадагы эң булганыч шаар деп табылды. Бул рейтинг Pollution Index 2018 Mid-Year тарабынан аныкталып, numbeo.com. сайтына жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты.

Тетово шаарынан кийинки эки орунду Италиянын Неаполь шаары менен Македониянын борбору Скопье ээлеген. Тизменин сап башында турган шаардын булганыч индекси 97,57 упайды түзсө, Неаполдуку 84,61, ал эми Скопьеники 82,17ни түзгөн.

Тоодогу турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалгыздап саякаттагандар кимдер жана кайсы өлкөгө барууну каалашат? Рейтинг
Европадагы булганыч шаарлардын ондугуна Тиран (Албания), Турин (Италия), Бухарест (Румыния), Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево, Польшанын Краков, Болгариянын Пловдив шаарлары менен Украинанын борбору Киев шаары кирген.

Ал эми Москва 19-орунда турса, Санкт-Петербург 17-орунду ээледи.

Делиде болсо абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген нормадан 25 эсеге жогорулаган.

Анализдин жыйынтыгы боюнча Европа шаарларынын ичинен экологиялык жактан таза, жашоого жагымдуу деп Финляндиянын Хельсинки, Исландиянын Рейкьявик, Швейцариядагы Цюрих шаарлары аталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0