Чет тил үйрөнүү үчүн ылайыктуу жаш курак аталды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОбучение мигрантов русскому языку
Обучение мигрантов русскому языку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер түрдүү улуттагы жана жаштагы 670 миң ыктыярчынын маалыматтарын топтоп, анын компьютердик моделин иштеп чыгышкан.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар он жашка чейин чет тилди үйрөнсө, ошол тилде сүйлөгөндөрдүн деңгээлинде сүйлөп калуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин аныкташты.

Массачусетс технологиялык университетинин нейро-когнитивдик борборунун адистеринин иликтөөсү Cognition журналына жарыяланды.

Председатель Национальной комиссии по государственному языку Назаркул Ишекеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ишекеев: "мамлекет" деген түшүнүк эне тилден башталат
Адистер түрдүү улуттагы жана жаштагы 670 миң ыктыярчынын маалыматтарын топтоп, анын компьютердик моделин иштеп чыгышкан. Иликтөөгө катышкандар атайын анкетага жашын жана канча жылдан бери чет тилди үйрөнүп жатканын жазышкан. Бардык ыктыярчылардын орточо жаш курагы 20-30 жаш болсо, эң жашы 10до, эң улуусу 70 жашта экени айтылат.

Натыйжада чет тилдин грамматикасын өспүрүм куракта окуса тез кабыл алары аныкталган. Ал эми 18 жаштан кийин чет тилди үйрөнүү жөндөмдүүлүгү сакталып калат, бирок аны ошол тилде сүйлөгөндөрдүн деңгээлинде билүү мүмкүнчүлүгү азаят.

Жаңылыктар түрмөгү
0