Хабиб Нурмагомедов эми мамлекеттик кызматка барабы?

© AP Photo / Gregory PayanUFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар чет элдик ЖМКлар Дагестандын башчысы Нурмагомедовго жардамчы болууну сунуштаганын жазышкан.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовго жана анын атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовго Дагестандын башчысы Владимир Васильев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаныңдагы маскарапоз ким? Макгрегор Мейвезердин атаандашын шылдыңдап жазды
Жолугушуу кечээ, 6-октябрда өткөн. Анда Васильев Дагестан Республикасына эмгек сиңиргендиги үчүн Нурмагомедовго атайын наам берген. Ал эми атасы дене тарбия жана спортко сиңирген эмгеги үчүн медаль менен сыйланган.

Көп өтпөй бир катар чет элдик ЖМКлар Дагестандын башчысы Васильев Нурмагомедовго жардамчы болууну сунуштаганын жазышып, атүгүл Нурмагомедов бул маселе кийинки жолугушууда кенен талкуулана турганын билдиргенин айтышкан.

Анткен менен мушкер социалдык тармактагы баракчасына жолугушуудагы сүрөттөрдү гана жүктөп, Васильевге берген наамдары үчүн ыраазычылык билдирген. 

Нурмагомедов 7-октябрда ирландиялык Конор Макгрегорду жеңип, UFC уюмундагы чемпиондук наамын коргоп калган. Мушкер ММА боюнча 27 мелдештин жеңүүчүсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0