Мигранттын эсине! Россияда унааны техникалык кароодон өткөрүү шарты өзгөрөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУнааны техникалык кароодон өткөрүү. Архив
Унааны техникалык кароодон өткөрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир унаанын жүргөн чакырымына, техникалык абалына, мурда жол кырсыгына кабылып же кабылбаганына жараша "жеке программа" менен текшерүү пландалып жатат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Россияда унааны техникалык кароодон өткөрүүнүн жаңы системасы сунушталып жатат. Бул тууралуу "Коммерсантъ" басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, келечекте ар бир унаанын жүргөн чакырымына, техникалык абалына, мурда жол кырсыгына кабылып же кабылбаганына жараша "жеке программа" менен текшерүү пландалып жатат.

"Бул критерийлер аркылуу анализден өткөн машинага "жакшы" же "начар" деген баа берилет. Жакшы баа алгандар арзаныраак техникалык кароого жиберилсе, начарлары өтө тыкыр же кымбат кароодон өтүүгө милдеттүү болот", — деп жазылат кабарда.

Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
Ноябрда айрым кыргызстандыктар Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылат. Шарттары
Бирок мындай өзгөрүү эртең эле боло калбайт. Адистердин айтымында, алгач анализ жүргүзүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлүшү зарыл. Ал эми буга бир нече жыл кетиши мүмкүн.

Эске салсак, ноябрь айынын башында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде мигранттар менен жолугушуу өтүп, анда такси айдоочуларынын өкүлүнө унааларды убагында техникалык кароодон өткөрүү жана жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0