Психологдор Instagram ден соолукка канчалык зыян экенин айтып беришти

© AFP / Christophe SIMONРабота соцсети Instagram
Работа соцсети Instagram - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экспериментке Facebook, Instagram жана Snapchat тармактарын активдүү колдонгон 143 студент катышкан.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Социалдык тармакта көп отуруу адамды жалгызсыратып, депрессияга кабылтат. Бул тууралуу Journal of Social and Clinical Psychology жазып чыкты.

Басылма АКШдагы Пенсильвания университетинин психологдорунун изилдөөсүн жарыялаган.

Телестудия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шумдугуң кур! Кытайда виртуалдуу диктор телеге чыкты. Видео
Экспериментке Facebook, Instagram жана Snapchat тармактарын активдүү колдонгон 143 студент катышкан. Алар эки тайпага бөлүнүп, биринчиси соцтармакта адаттагыдай көп отурса, экинчи топ бир суткада жарым сааттан көп эмес колдонгон.

Үч жумадан соң студенттер жети көрсөткүчү бар анкетаны толтурушкан. Анын ичинде социалдык колдоо, элден чыгып калуу сезими, жалгыздык, чочулоо, депрессия, өзүн-өзү баалоо өңдүү көрсөткүчтөр болгон.

Натыйжада биринчи тайпанын катышуучулары экинчи топко салыштырмалуу эксперимент маалында көбүрөөк жалгыздыкка кабылып, депрессияга учурагандыгы аныкталган.

Айрым адистер Instagram тармагын колдонуп жаткан маалда өз жашоосун ал жактагыларга салыштырып, башкалар мыкты жашап жаткандай сезим калтыра тургандыгын белгилешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0