Россиянын кайсы шаарынан соода кылуу ыңгайлуу?

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүГорода России. Москва
Города России. Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм жаатында иш алып барган портал саякатчылар Россиянын кайсы шаарынан мейманкананы алдын ала ээлеп, керектүү буюмдарды сатып алууга болорун изилдеп чыккан.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Россиянын борбору Москва туристтердин соода кылуусуна эң ыңгайлуу шаар экенин РИА Новости агенттиги жазды.

Tvik.ru порталы саякатчылар Россиянын кайсы шаарынан мейманкананы алдын ала ээлеп, керектүү буюмдарды сатып алууга болорун изилдеп чыгышкан. Рейтинг социалдык тармактын колдонуучулары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо аркылуу түзүлгөн.

Горы Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан 2019-жылы саякаттоого эң мыкты 10 өлкөнүн катарына кирди
Сурамжылоого катышкандардын 53 пайызы саякатчылар үчүн эң ыңгайлуу шаар деп Москваны аташкан. Экинчи орунда Санкт-Петербург, үчүнчү орунда Сочи турат. Социалдык тармактын колдонуучулары Казань менен Калининград да соода-сатык кылганга ылайыктуу экенин айтышкан.

Ал эми буга чейин Which керектөөчүлөр ассоциациясы туристтер үчүн эң кооптуу болгон мамлекеттерди тизмектеген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0