Холодильники карап жаткан кыз. Архив

Окумуштуулар кеч тамактануунун зыян жактарын айтып беришти

1396
(жаңыланган 10:26 13.11.2018)
Эскперимент үчүн 18-76 жаш куракка чейинки 12,7 миңден ашык адам медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, эки күн бою алардын тамактануусуна көңүл бурулган.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кеч тамактануу адамдын биологиялык ыргагын (ритм. — ыргак.) бузуп, жүрөк-кан тамыр жана кант диабети ооруларын чакыра турганын Америкалык кардиологиялык ассоциациянын окумуштуулары аныктады. Бул туурасында РИА Новости LiveScience порталына шилтеме берип жазды.

Адистер диабет, салмак кошуу, гипертония оорулары менен убагында тамактануунун кандай байланышы бар экенине кызыгышкан.

Эскперимент үчүн 18ден 76 жаш куракка чейинки 12,7 миңден ашык адам медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, эки күн бою тамактануусуна көңүл бурулган.

Изилдөөчүлөр 18.00дөн кийин тамактангандардын канында кант менен инсулиндин деңгээли жана кан басымдын жогору экендигин байкаган.

Иликтөө жүргүзгөн адистердин бири Нур Макардын пикиринде, сергек жашоонун бузулушу биологиялык ыргакка терс таасирин тийгизип, зат алмашуу процессин басаңдатат. Ошондой эле өнөкөт оорулардын пайда болушун шарттайт.

Маалыматта кечинде, өзгөчө уйку алдында тамак жеп алуу адамды семиртип, жада калса ракты чакыруу мүмкүндүгү айтылат.

1396
Белгилер:
эксперимент, диабет, оору, тамактануу, Окумуштуулар
Тема боюнча
Жарык бөлмөдө уктоонун зыяны көп. Адистердин аныктамасы
Жаракат алган терини тырыгы жок бүтүргөн гель чыкты
Мүрзөдөгү иштеген кишилер. Архив

Якутскинин токоюндагы мигранттардын мүрзөсү. Көмүлгөндүн баары кыргызстандыктар

488
(жаңыланган 13:31 10.07.2020)
Элчиликтин маалыматына ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

БИШКЕК, 10-июл — Sputnik. Якутск шаарынын токоюндагы мигранттар көмүлгөн жер мусулмандар мүрзөсүнүн аймагында жайгашкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Буга чейин айрым ЖМКларда "Якутск шаарында канаттуулар фабрикасынан анча алыс эмес жердеги токойдон мигранттар көмүлгөн жер табылды. Анда беш күмбөз бар. Алардын баары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарыныкы" деген маалымат пайда болгон.

Элчиликтин билдиргенине ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

"Сөөктү көмүү боюнча уруксат жана документтердин бардыгы бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, мусулмандар мүрзөсүнүн бул аймагы убагында тосулган эмес.

"Якутиянын мусулмандар дин башкармалыгы мүрзөнүн аймагын дайыма карап туруу чечимин кабыл алганын билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Аталган аймактын муфтияты мүрзөдө тазалоо иштерин жүргүзүп, жолун бир сыйра оңдошкон. Ошондой эле ал жактагы таштандыны да жоготушкан.

488
Белгилер:
сөөк, Мигрант, мүрзө, Якутск, Россия
Тема боюнча
COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер
Тез жардам унаасынан чыгып аткан медкызматкер. Архивдик сүрөт

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

141
(жаңыланган 13:12 10.07.2020)
Медицина кызматкерлери Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта алардын саны айтылган эмес.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиядан Бишкек шаарына COVID-19 менен күрөшүү үчүн ыктыярчы дарыгерлер менен медайымдар Кыргызстанга кайткан жарандар менен бирге учуп келди. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта жардамга кол сунган медиктердин так саны айтылган эмес.

Эске салсак, 5-июлда Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлердин тобу келген. Алар Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин жетишсиздигинен улам жардам берүүгө киришкенин айтышкан

Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө

"Медиктер менен бирге бул сапар кош бойлуу жана балалуу аялдар, улгайган курактагылар, Новосибирскинин клиникасында дарыланып жаткан кыргызстандыктар, аталган аймакта окуган студенттер келди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

141
Белгилер:
күрөш, өлүм, медик, ыктыярчылар, пневмония, коронавирус, Новосибирск, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Суракматов: пневмонияга чалдыккандар көбөйүп, шаардыктарга коркунуч жаратууда
Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды
Бишкектин чок ортосунда Тез жардам автоунаасы кырсыкка кабылды

Тез жардам унаасы Бишкектин чок ортосунда кырсыктан ала салды. Видео

0
(жаңыланган 16:51 10.07.2020)
Тез жардам тобу күндүзгү стационардагы сыркоону Фтизиатрия улуттук борборуна жаткырып, кийинки оорукчанга келе жатканда кырсыкка кабылган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда Тез жардам автоунаасы кырсыкка кабылып, ала салып кетти. Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Кырсык Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде катталган. Тез жардам унаасы Toyota менен кагышкан.

Патрулдук милиция кызматына 14:20да билдирүү келген. Тартип коргоочулардын билдиришинче, Тез жардамдын ичиндеги бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

  • В центре Бишкека вследствие ДТП опрокинулась машина скорой медицинской помощи
    Кырсык Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде катталган
    © Фото / Бактыбеков Элхан
  • В центре Бишкека вследствие ДТП опрокинулась машина скорой медицинской помощи
    Тез жардам унаасы Toyota менен кагышкан
    © Фото / Бактыбеков Элхан
1 / 2
© Фото / Бактыбеков Элхан
Кырсык Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде катталган

Мэриянын Sputnik агенттигине билдиргендей, ал Бишкектеги медициналык Тез жардам борборунун автоунаасы. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочусу жеңил жаракат алган, ал эми андагы медайымдын буту сынган деп айтылууда.

Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт

Дарыгерлер күндүзгү стационардагы сыркоону Фтизиатрия улуттук борборуна жаткырып, кийинки оорукчанга келе жатканда кырсыкка кабылышкан.

0
Белгилер:
Бишкек, патрулдук милиция, жол кырсык, унаа, тез жардам
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар