Чай ичүүнүн өзгөчө пайдасы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТрадиции по приему гостей в Кыргызстане
Традиции по приему гостей в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер мындай иликтөө үчүн 23 жылда 53 миң катышуучуга байкоо жүргүзгөн.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Чыгыш Австралия университетинин окумуштуулары күнүгө бир чыныдан чай ичип туруу жүрөк кан тамырлары ооруларынын алдын ала турганын РИА Новости Live Science баслымасына шилтеме берип жазды. 

Холодильники карап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кеч тамактануунун зыян жактарын айтып беришти
Адистер мындай иликтөө үчүн 23 жылда 53 миң катышуучуга байкоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында алардын 12 миңи гана жүрөк оорусуна кабылган.

Серепчилер курамында 500 миллиграмм флавоноид бар азыктарды колдонуу инсульт, перифериялык артерия оорусу менен жүрөктүн ишемиялык илдетинен коргой турганы аныкталган.

Адатта флавоноид чай менен кара карагатта болот. Ошондой эле окумуштуулар чылым менен спирт ичимдиктеринен баш тартпаса, айтылгандардын таасири жок экендигин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0