Анкара 83 өлкөдөн Гүлендин 450 жактоочусун берүүнү талап кылууда

© AP Photo / Hussein MallaДин аалымы Фетхуллах Гүлендин портретин көтөргөн адамдар. Архив
Дин аалымы Фетхуллах Гүлендин портретин көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тийиштүү документтер мамлекеттерге жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Анкара 83 мамлекеттен дин аалымы Фетхуллах Гүлендин оппозициялык уюмунун (ФЕТО) 452 жактоочусун өткөрүп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу билдиргенин NTV телеканалы жазды.

"Түркия 83 мамлекетке ФЕТОго тиешеси бар болгон 452 киши тууралуу документ жиберди. Биз аларды өткөрүп берүүнү талап кылабыз", — деди ал.

Түркиядагы аскердик төнкөрүш аракети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия: төңкөрүш боюнча тасманын режиссеру 6 жылга соттолот дешти
Түркиянын бийлиги ФЕТОну 2016-жылдын июль айындагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп айыптап келет. Учурда АКШда жашаган Гүлен бул аракетти сындап, ага анын жана жактоочуларынын тиешеси жок экенин билдирген.

Андан бери Түркияда 50 миңден ашык киши камалып, мамлекеттик кызматта, аскер түзүмдөрүндө иштеген 160 миңден ашык киши иштен алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0