Түркия орус элчиси Карловдун өлүмүн иликтөөгө чекит койду

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүМероприятия памяти посла РФ в Турции А. Карлова за рубежом
Мероприятия памяти посла РФ в Турции А. Карлова за рубежом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк бийлиги кылмыш жоопкерчилигин оппозициялык маанайдагы диний аалым Фетхуллах Гүлендин уюмуна артып жатат. Ал эми Гүлен мындай айыптоолорду четке кагууда.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Россиянын Түркиядагы киши колдуу болгон элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча тергөө соңуна чыкканын Anadolu агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Эскерте кетсек, дипломат 2016-жылдын 19-декабрында Анкарада өткөн "Калининграддан Камчаткага чейинки Россия саякатчынын көзү менен" аттуу көргөзмөнүн ачылыш салтанатында ок жеп каза болгон. Түрк бийлигинин маалыматы боюнча элчиге полициянын мурунку кызматкери Мевлют Алтынташ кол салган. Ал ошол эле жерден жок кылынган. Ал эми Карловго Россия Баатыры деген наам ыйгарылган.

Россия элчисине кол салуу. Жеринен алынган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Россия элчисине кол салуу. Жеринен алынган сүрөттөр
Маалыматта айып корутундусу прокуратурага жөнөтүлгөнү, ал жакта колдоого алынса иш сотко өтөрү айтылат.

Карловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишти тергөө маалында сегиз киши камакка алынган. Алардын төртөө мурун полицияда иштеп кеткендер. Кармалгандардын арасында Guru медиатобунун жетекчиси Хайреддин Айдынбаш менен элчи өлтүрүлгөн көргөзмөнүн уюштуруучусу Тимур Озкан дагы бар.

Түрк бийлиги кылмыш жоопкерчилигин оппозициялык маанайдагы диний аалым Фетхуллах Гүлендин уюмуна артып жатат. Ал эми Гүлен мындай айыптоолорду четке кагууда.

Кылмыш жасалган күнү ал жерде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов да болгон. Дипломат окуянын чоо-жайын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0