АКШда дарыгерлер жаңылып, аялдын эки бөйрөгүн тең алып салышты

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация жасап жаткан дарыгерлер. Архив
Операция жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операциядан кийин алынган гистологиялык изилдөө органда эч кандай шишик жок экенин көрсөткөн.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Дарыгерлер АКШнын Колорадо штатында жашаган аялдын эки бөйрөгүн тең жаңылып алып салышкан. Бул тууралуу РИА Новости Fox 31 телеканалына таянып кабарлады.

Институт пластической хирургии и косметологии в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жаракат алган терини тырыгы жок бүтүргөн гель чыкты
Маалым болгондой, ушул жылдын март айында дарыгерлер 73 жаштагы Линда Вуллиге бөйрөгүндө шишик бар деген диагноз коюп, май айында эки органын тең операция жолу менен алып салышкан. Бирок март айындагы шишиктин өзүнөн алынган биопсия зыянсыз болуп чыгып, жыйынтыгында аялдын эки бөйрөгү тең таза чыккан.

Мындан сырткары, операциядан кийин алынган гистологиялык изилдөө органда эч кандай шишик жок болгонун көрсөткөн.

Эми Вуллиге жок дегенде бир бөйрөк салуу керек. Бирок трансплантация кылуу үчүн АКШда кеминде жети жыл күтүүгө туура келет.

"Дарыгерлер мага бөйрөк карыз. Ооруканага жатканда ойлоно деле албай калат экенсиң. Ал жактан кам көрүп жатышат деп дарыгерлерге ишенесиң", — деген Вулли.

Рак илдети менен ооругандардын 40 пайызы зыяндуу адаттарын таштабагандыктан дартка кабыларын буга чейин окумуштуулар айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0