Калифорниядагы өрт: 71 киши каза болуп, 1000ден ашуун киши дайынсыз

© Sputnik / Нил Уотерс / Медиабанкка өтүүАКШнын Калифорния штатында чыккан өрттүн кесепети. Архив
АКШнын Калифорния штатында чыккан өрттүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калифорниянын түндүк тарабында чыккан өрт бейшемби күнү башталып, штаттын тарыхындагы эң кесепеттүүсү катары калды. Жалын он миңдеген гектар жерди жалмап, ураган имараттар да миңдеп саналат.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. АКШнын Калифорния штатында чыккан токой өртү 71 адамдын өмүрүн алып, дагы миңден ашуун киши дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу РИА Новости NBC News телеканалына шилетеме берип жазды.

​Буга чейин 63 кишинин көз жумганы жана 630 адам табылбай жатканы маалымдалган.

​Аймактын шерифи Бьютт Кори Хонинин айтымында, өлгөндөрдүн сөөгү Парадайз жана Магалия шаарындагы курулуштардын ичинен табылууда. Бийлик дайынсыз кеткендердин аты-жөнүн тактап жатат.

​Калифорниянын түндүк тарабында чыккан өрт бейшемби күнү башталып, штаттын тарыхындагы эң кесепеттүүсү катары калды. Жалпы жонунан 59 миң гектар жер күйүп, 6,47 миң курулуш жарактан чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0