БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. АКШнын айыл чарба министрлиги менен азык-түлүктүн жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалыгы (FDA) жасалма этти лабораторияда даярдоо жана сатуунун эрежелерин макулдашты. Бул тууралуу тараптар биргеликте билдирүү жасаган.
FDA уюму жаныбарлардын клеткаларын чогултууга жооптуу болсо, министрлик аны маркировкалоо жана өндүрүш жагын колго алат. Келишимдин айрым жактары 26-декабрга чейин толукталып жазылат. Аталган эки мекеме жасалма эттин сапатын жана коопсуздугун камсыздай алабыз деп ишендиришүүдө.
АКШда клеткадан жасалма этти даярдоо эксперименттери NASA астронавттары үчүн тамак-ашты жасап чыгуу программасынын алкагында эле башталган. Мындай ыкма 1995-жылы жактырылып, эксперименттер алты жылдан кийин гана жасала баштаган. Ошондой эле башка мамлекеттер дагы жасалма этти чыгаруу аракеттерин көргөнү менен өндүрүшкө чыгаруу азырынча жолго коюла элек.