Пикассонун алты жыл мурун уурдалган сүрөтү Румыниядан табылды

© AP Photo / Petar PetovКартина Пабло Пикассо "Голова Арлекина"
Картина Пабло Пикассо Голова Арлекина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөт Роттердам көркөм галереясынан уурдалып кеткен.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Белгилүү сүрөтчү Пабло Пикассонун "Арлекиндин башы" ("Голова арлекина") аттуу сүрөтү алты жылдан кийин Румыниядан табылды. Ал Нидерланддардын Роттердам көркөм галереясынан уурдалып кеткен болчу. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Сүрөттү Нидерланддар мамлекетинин эки тургуну таап, Бухаресттеги элчиликке алып келип, аныктыгын белгилеп жатышат. Бул эмгектин баасы 800 миң евро турат.

Сүрөт 2012-жылы 16-октябрда жети башка эмгек менен чогуу уурдалып кеткен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 100 миллион евродон 200 миллион еврого чейин бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0