Грецияда пол жуугуч аял 22 жыл мурдагы айыбы үчүн 10 жылга кесилип кетти

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПол жууп жаткан аял. Архив
Пол жууп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял 1996-жылы пол жуугуч болуп жумушка орношуу үчүн сынакка катышып жатып, мектептеги беш жылдык билимин алты жылдык деп оңдоп койгон.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Грециянын Лариса шаарында пол жуугуч аял мектептеги аттестатындагы маалымат оңдолгону үчүн 10 жылга кесилип кетти. Бул тууралуу Taxydromos сайтына шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ларисалык аял 1996-жылы пол жуугуч болуп жумушка орношуу үчүн сынакка катышкан. Андан өтүп кетүү үчүн ал мектептеги беш жылдык билимин алты жылдык деп оңдоп койгон.

"Агезде келиндин мойнунда майып болуп калган күйөөсүн жана балдарын багуу милдети жүктөлгөн", — деп жазылат макалада.

53 жаштагы аялдын документинде оңдоо болгону 22 жылдан кийин билинип калып, учурда ал абакта отурган кези. Бирок коомчулук соттун мындай чечимине нааразы болуп, аялды боштондукка чыгарууну талап кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0