Аукциондон үч унаа, 500 уйга сатылган судандык кыз. Facebook жооп берди

© REUTERS / Dado Ruvic / File PhotoДеятельность соцсети Facebook
Деятельность соцсети Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болочок күйөө колукту үчүн үч машина, 10 миң доллар жана 500 уй сунуштаган.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Facebook тармагына 17 жаштагы кызды күйөөгө берүү максатында аукционго коюу тууралуу билдирүүнү жарыялаган колдонуучунун аккаунту киргис болуп өчүрүлдү. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлдөрү жар салганын CNN жазып чыкты. 

Эскерте кетсек, буга чейин Түштүк Суданда 17 жаштагы кызын үч машина, 10 миң доллар жана 500 уйга сатып жиберген ата-эне тууралуу маалымат чыккан.

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кымбат колуктулардын калыңын бөлүп төлөгөндөр бар. Таластык ишкердин маеги
Билдирүү социалдык тармакка 25-октябрь күнү жарыяланган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, билдирүүнү кыздын ата-энеси эмес эле тааныштары жазган.

Онлайн-аукционго беш эркек катышкан, алардын арасында жогорку кызматта иштеген аткаминерлер да бар экени айтылган. Натыйжада кызды эң жогорку баа — үч машина, 10 миң доллар жана 500 уй сунуштаган эркек алган. Укук коргоочулардын айтымында, буга чейин кызга мынчалык ири суммадагы калың төлөнө элек болчу.

Андан соң Facebook тармагынан жарыяланган билдирүүлөргө дыкат көз салуу талабы коюлган. Бирок CNN телеканалынын маалыматы боюнча ресурстун администраторлору аукцион тууралуу 9-ноябрда гана билишкен. Ал эми нике 3-ноябрда кыйылган.

"Адам сатуунун кандай гана түрү болбосун Facebook үчүн жат көрүнүш болуп саналат. Биз билдирүүнү алып, аны жарыялаган колдонуучунун аккаунтун киргис кылып өчүрдүк", — дешти соцтармактын өкүлдөрү.

Plan International укук коргоо уюму Түштүк Судандын өкмөтүнөн аталган окуяны иликтөөнү жана аукционго катышкан аткаминерлерди иштен алууну талап кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0