Трамптын кызы туфлисинин баа баракчасын алам деп унутуп калган. Сүрөт

© REUTERS / Leah MillisДочери президента США Дональда Трампа
Дочери президента США Дональда Трампа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин кыздарынын сүрөтү соцтармакка желдей тарап, колдонуучуларды күлкүгө салды.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын кичүү кызы Тиффани бут кийиминин баа баракчасын алам деп унутуп, ыңгайсыз абалга туш болгонун TMZ агенттиги кабарлады.

​Басылманын маалыматына ылайык, Тиффани менен анын эжеси Иванканы жүргүнчүлөр АКШнын Мэриленд штатындагы "Эндрюс" авиабазасынан учакка түшүп бараткан учурда тартып алышкан. Эже-сиңди үй-бүлөсү менен Флорида штатындагы Мар-а-Лаго курортуна ыраазычылык күнүн белгилөөгө бара жатышкан.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, шиштаканын таманында анын баасы жазылган кагаз чапталып турат. Президенттин кыздарынын сүрөтү соцтармакка желдей тарап, колдонуучуларды күлкүгө салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0