Испанияда алдамчылар өлгөн кишилер үчүн да пенсия алып турушкан

© AFP / PHILIPPE HUGUENЕвро купюралары. Архив
Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын ырасташынча, мындай мыйзамсыз аракеттерден мамлекетке 6 миллион евро зыян келген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Испаниянын полициясы каза болгон адамдар үчүн да пенсия алып жүргөн 46 алдамчыны кармады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Бажы кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажыга орношсом айлык албай иштейт элем дегендер бар. Пенсия тууралуу талкуу
Ага ылайык, кармалгандардын көбү маркумдардын туугандары, достору жана бирге жашагандары болгон. Алар каза болгон карылардын документин жасалмалап, алар дагы деле жашап жатканын "ырастап", документтерди толтуруп келишкен. Колго түшкөндөрдүн бири өзүн 90 жаштагы карыя экенин көрсөтүп, 20 жыл бою пенсия алып келген.

Укук коргоо органдарынын ырасташынча, мындай мыйзамсыз аракеттерден мамлекетке 6 миллион евро зыян келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0