Толук аял. Архив

Окумуштуулар астма менен толуп кетүүнүн байланышын айтышты

163
(жаңыланган 09:41 27.11.2018)
Балдарды толуп кетүүдөн сактоо - келечек муунду гипертония, диабет, эрте өлүмдөн жана өпкөнүн сезгенишинен да сактайт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ашыкча салмак баланын астма же аутоиммунндук ооруга чалдыгышына алып келет. Бул тууралуу РИА Новости Pediatric журналына таянып билдирген.

Аутоиммунндук илдеттин (иммундук системанын бузулушу) курмандыгы көбүнчө бала бакчадагы бөбөктөр же толуп кеткен окуучулар болору айтылды.

"Жаш баланын астмасы — өсүп келе жаткан муундун арасындагы көп кездешүүчү оору. Бул илдет ден соолук жаатында да, бейтаптарга жана ата-эненин капчыгына да оордук келтирет. Өспүрүмдөрдү  семирип кетүүдөн оз убагында сактоо астманын алдын алат", — дейт Орландодогу (АКШ) Немура балдар госпиталынын педиатры Терри Финкель.

Астма — дем алуу органдарынын өнөкөт сезгенүүсү. Бул оору ар кандай түрдө кездешип, адамды бир нече убакытка чейин муунтуп, кыйноого салат. Дем алуу системасы кысылгандыктан, алар ичкерип кетип, иммундук системалардын иштөөсү бузулат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баалоосунда, учурда астма илдетинен 300 миллион адам жабыр тартып келет. Андан сырткары, ар бир он жылдыкта оорулуулардын саны бир жарым эсеге өсүүдө.

Акыркы жети жылда окумуштуулар семирүүнүн негизинде организмде кандай өзгөрүүлөр болот деген божомолду айткан. Илимпоздор муну америкалык окуучулардын, бала бакчалардын тарбиялануучуларынын арасында изилдөөлөрдү жүргүзгөн соң кабарлашты.

Ага 2 жаштан 17 жашка чейинки 500 миңдей бала катышкан. Иликтөөгө алынгандардын кыйла бөлүгү – 41 миңдейи ар түрдөгү астма оорусунан, ал эми 100 миңи толуктуктан жабыркаган. Ушундан улам медиктер таңгалычтуу көрүнүшкө туш болгон. Көрсө, ар бир үчүнчү учур өпкөнүн сезгенүүсүнөн жана семиздиктен пайда болгон.

"Балдарды толуп кетүүдөн сактоо — келечек муунду гипертония, диабет, эрте өлүмдөн жана өпкөнүн сезгенишинен да сактайт", — деген Финкель.

Жакында интернетке арыктоонун эң майнаптуу төрт ыкмасы туурасындагы окумуштуулардын иликтөөсү жарыяланган.

163
Белгилер:
астма, семирүү, оору, Окумуштуулар, бала
Тема боюнча
Кишини тез арыктаткан 4 ыкма. Окумуштуулардын сунушу
Окумуштуулар жемиш ширеси балдарга эмнеси менен зыяндуу экенин аныкташты