Жеки Чандын кызы өзүнөн 11 жаш улуу аял менен баш кошту

© AP Photo / Andy WongАктер, кинорежиссер и сценарист Джеки Чан
Актер, кинорежиссер и сценарист Джеки Чан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйлөнүү үлпөт салтанатын түгөйлөр Канадада белгилешти.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Атактуу актер жана режиссер Жеки Чандын кызы Этта У Чжолинь канадалык модель Энди Отом менен расмий түрдө никеге турду. Бул тууралуу эки кыздын тең Instagram баракчасына жарыяланды.

"Гонконгго экөөбүз тең келинчек болуп кайтып келдик", — деп жазды Отом өз баракчасына.

Маалыматка караганда, кыздар Торонто шаарында баш кошуп, учурда бир жыныстуу никеге тыюу салынган Гонконг шаарына келишти.

Ушул жылдын май айында Жеки Чандын 19 жаштагы кызы түгөйү экөөнүн салттан тышкаркы жүрүм-турумун ата-энелери кабыл албай койгондуктан, бир айча көчөдө жашаганын айтып чыккан. Кийин кытайлык кыз өз жанын кыюуга да аракет кылган.

Этта У Чжолинь Жеки — Чан менен "Мисс Азия-1990" сынагынын жеңүүчүсү Элейн Нг атуу айымдын кызы.

Белгилей кетсек, актер менен Жоан Лин аттуу тайвандык актриса экөөнүн 35 жаштагы уулу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0