АКШ тургуну таттуу кебез үчүн камалганын айтып полицияны сотко берди

© AFP / MOHAMED EL-SHAHEDЖизнь в городе Александрия
Жизнь в городе Александрия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция кызматкерлери аялды баңгизат сактаган деп айыптап, сот аны камакка алган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Американын тургуну Даша Финчер Монро округун жана полициянын үч офицерине каршы арыз жазды. Анткени анын автоунаасынан полиция өкүлдөрү таттуу кебез таап, аны баңгизат деп эсептешкен. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: баңгизат ташылган эл аралык каналдын жолу буулду
Маалыматка ылайык, окуя 2016-жылы болгон. Финчер менен дос жигити машина менен кетип баратканда полиция токтоткон. Тинтүү учурунда желим баштыкка салынган көгүлтүр түстөгү затты таап, аны метамфетамин деп эсептешкен. Кийин сот аялды камакка алып, күрөөгө 1 миллион доллар койсо чыга турганын айтып, таттуу кебезди экспертизага жөнөтүшкөн.

Үч айдан кийин экспертизанын жыйынтыгы чыгып, желим баштыкта баңгизаты болбогону аныкталган. Бирок Финчер эки жума ашык камакта отуруп калган.

Аял өз арызында адилетсиз кармагандарды жоопко тартууну өтүнөт. Андан сырткары, ал камакка алынган учурда небереси төрөлүп, аны көрбөй калганын жана керектүү медициналык жардам албай калганын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0