Сауна өлүмдүн кантип алдын алат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРабота Варшавских бань в Москве после капитального ремонта
Работа Варшавских бань в Москве после капитального ремонта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүрөк кан тамырлары ооруларынын алдын алып, мезгилсиз өлүмдү азайтат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Саунага үзгүлтүксүз баруу 50 жаштан ашкан адамдардын жүрөк кан тамырларынын иштешин жакшыртып, өлүмдүн алдын алат. Бул туурасында РИА Новости BMC Medicine порталына таянып кабарлады.

Илимпоздор орточо жашы 63төн жогору эмес бир жарым миңден ашык адамдын жүрөк кан тамырларындагы кан айланууга байкоо жүргүзгөн. Анда жумасына төрттөн көп ирет баргандар бир аптада бир жолу саунада болгондорго салыштырмалуу аз жашагандыгы аныкталган.

"Саунага көбүрөөк баруу орто жаш курактагылардын жүрөк кан тамырлары оорусунан каза болуусунун алдын алат. Ошондой эле мээ, өпкө, жүрөк, кан тамырлардын жабыркашын жана мезгилсиз өлүмдү азайтары белгилүү болду", — деп айтылган маалыматта.

Буга чейин маалымат булактарында 500 миллиграмм флавоноид бар азыктарды колдонуу инсульт, перифериялык артерия оорусу менен жүрөктүн ишемиялык илдетинен коргой турары айтылган. Флавоноид чай менен кара карагатта болорун илимпоздор билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0