Өлүп калса эмне болот эле? Чачын боейм деп башы шишип кеткен кыздын видеосу

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСтеллаж с красками для волос
Стеллаж с красками для волос - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19 жаштагы студенттин башы, көзү жана тили шишип кеткен.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Франциялык студент кыз дүкөндөн сатып алган боек менен чачын боегондон кийин башы лампочканын формасындай болуп шишип, аз жерден майып болуп кала жаздады.

Le Parisien гезитинин жазганына караганда, кыздын башы шишип, формасы өзгөрүп кеткен.

Студент боекту кадимки дүкөндөн сатып алып, колдонордун алдында аллергия үчүн тесттен өткөн. Бирок нускамада жазылгандай эки күн күтпөстөн дароо эле чачын боеп салган.

Бир нече сааттан кийин кыз өзүн начар сезе баштаган. Ага Тез жардам кызматынын дарыгерлеринин дагы пайдасы тийбей, башы шишигенден шиший берген.

​Эртеси күнү аны ооруканага жаткырышып, дарыгерлер бейтап боекко кошула турган парафенилендиамин затына аллергия болгон деп бүтүм чыгарышты. Кыздын башын мурдагы формасына алып келүү үчүн дарыгерлер узак убакыт бою аракет кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0