Артыңды карабай кач! Кулаган учактан аман калуунун жолу айтылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет Airbus A330
Самолет Airbus A330 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борткоштоочунун айтымында, жүргүнчүнүн көбү лайнер жерге тийгенден кийин көз жумат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жеке менчик учактын борт коштоочусу авиакырсык учурунда жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо боюнча өтүлгөн тренингде кулаган учактан аман калуунун кандай жолдору окутулганын айтып берди. Бул тууралуу Daily Express жазган.

"Учак кырсыктагандан кийинки эң башкы эреже — алды-артыңды карабай кач", — деди ал.

Борт коштоочунун айтымында, жүргүнчүнүн көбү лайнер жерге тийгенден кийин көз жумат.

"Эгер учак кулагандан кийин аман калсаңыз да истен өлүп калышыңыз мүмкүн. Анткени сыныктардан же адамдардан топтошуп, дүрбөлөңгө түшкөн учурунан улам чыга албай калышыңыз толук ыктымал", — деди адис.

Крушение пассажирского самолета Boeing 737 у берегов Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Индонезияда кыйраган учактын жүргүнчүсү өлүм алдында жубайына сүрөтүн жөнөткөн
Ал учканда дайыма эшиктин жанынан орун ала турганын белгилеп, алдында отурган адамдын кырсык учурунда үйлөмө траптан секирүүдөн коркпогон киши болушу керектигин айтты. Ал эми эшиктин жанында отурган жүргүнчү аны авариялык абалда кантип ачуу керектигин билиши зарылдыгын кошумчалады.

Буга чейин учкучтар жүргүнчүлөргө эч качан айтпай турган сырлары менен бөлүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0