Арстанга тап коюп, бирок аркасын карабай качкан гиеналардын видеосу

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВыпуск львов в крымском сафари-парке "Тайган"
Выпуск львов в крымском сафари-парке Тайган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда чаңырып, ар кыл үндөрдү чыгарып, ургаачы арстанга кол салууга аракеттенген жырткычтарды көрүүгө болот.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Түштүк Африкада гиеналар үйүрү менен ургаачы арстанга кол салууга тап коюп, бирок аны эки эркек арстан келип сактап калганы видеого түшүп калган.

Адаттан тышкаркы бул көрүнүш аталган аймактагы улуттук Крюгер паркында болгон. Окуяга күбө болгон студент кыз Эмбер Сомстун тартып алган видеосун Daily Mail жарыялады.

Анда жар сымал тектирдин алдында турган ургаачы арстанга кол салууга аракеттенип чаңырып, ар кыл үндөрдү чыгарган гиеналарды көрүүгө болот. Болуп жаткан бул окуяга айланадагы жаныбарлар, ошол жердеги жүргөн канаттуулардын алыстап кетип, кайра жакындап келип жатканы байкалат.

Арстан менен бет маңдай келгенде! Туристтерди аралап жүргөн жырткычтын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Арстан менен бет маңдай келгенде! Туристтерди аралап жүргөн жырткычтын видеосу
Камера оң жакка бурулуп, алыстан келе жаткан эки арстанды көрсөтөт. Бир нече ирмемдерден кийин айбаттуу жаныбарлардын жакындап келип калганын көргөн гиеналардын туш тарапка качканын көрүүгө болот.

Видеонун автору бул кадрлар "Король Лев" мултьфильминдеги кичинекей чөөлөрдүн курчоосунда калган Симбанын окуясын эстеткендигин жазган. Анда күчүктүн атасы Муфаса жетип келип, баласын сактап калган эмеспи деп айтылат маалыматта.

Жаңылыктар түрмөгү
0